Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кайрадан карантин чаралары киргизилеби?

Кайрадан карантин чаралары киргизилеби?

06-апрель, 12:03
352 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Карантин чараларын кайрадан киргизүү эпидемиологиялык кырдаалга жараша болот. Ар бир аймактын эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөй турган жергиликтүү штабы бар. Бул боюнча алар кырдаалга карап чечим кабыл алышат. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улукбек Бектурганов брифинг учурунда билдирди.

Акыркы аптада Бишкек шаарында жана Чүй облусунда коронавирус илдетин жуктуруп алган бейтаптардын саны көбөйүп жаткандыктан, кошумча орундар даярдалды. Улуттук госпиталда 110 керебет (анын ичинен 10у интенсивдүү терапия үчүн). Чүй облустук бириктирилген ооруканасында 55 орун (анын ичинен бешөө интенсивдүү терапия үчүн) даярдалды” деди Улукбек Бектурганов.

Ошондой эле министрдин орун басары 3-толкунга толук даяр экендигин кошумчалап өттү. 

Бөлүшүү:



Тектеш материалдар:

Эң көп окулгандар
“Казакстанда коронавирус катталды” деген билдирүү тарап жатат
(Видео) Индиядан келген дааватчылар милицияга баш ийбей коюшкан
“30-апрелде карантин токтосо, 100 миңдеген адамдардын өмүрүнө коркунуч келтиребиз”
(Видео) Садыр Жапаров кудаларына тебетей тараткан тасма тарады
Калдарбек Абдраманов: “Эч кандай экинчи-үчүнчү толкун жок, болбойт дагы!”
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Молдокенин моокум кандыра албаган тасмасы...
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер