Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмне үчүн нааразычылык акциялары күчөп баратат?

Эмне үчүн нааразычылык акциялары күчөп баратат?

20-июнь, 16:42
316 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Адатта жай келгени саясый кырдаал тынчып калчу. Бул саам андай эмес. Бийлик менен оппозициянын тиреши күчөп баратат. Келечекке кандай божомол кылабыз?” деген суроону коомчулукта белгилүү укук коргоочуларга узаттым.

Өндүрүш Токтонасыров, укук коргоочу:

-- Туура, Кыргызстанда каршылык акциялары, бийликтин туура эмес кадамдары менен макул эместер, оппозиция жээгиндегилер ар кандай митинг, иш-чаралар күз айларында болор эле. Азыр такыр башкача көрүнүш. Жогору жактагы “мыкчыгерлер”  куру убада, ишке ашпай турган программаларды айтып, жазып, курулай шаңдануу, популизм менен алек. А чыныгы турмуш, жашоо таптакыр башка нукта кетип баратат. Карапайым калк аябай кыйналды. Алар колдоого, жардамга муктаж. Эл өзүн-өзү жанталашып багып келет. Кымбатчылык жанга батты. Тышкы, ички саясат да түшүнүксүз. Башка да толгон-токой маселелер бар. Жыйынтыгында, карапайым элдин чыдамы түгөнүп барат. Алардын күткөнү так, таасын, айкын программа, элдин жашоосун жакшыртуу боюнча кечиктирилгис иш аракеттер болушу керек.

Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу:

-- Бийлик менен оппозиция деп айта албайм, бийлик менен элдин тирешүүсү күчөп баратат. Себеби, ошол Акүйдө кабыл алынып аткан чечимдер элдин кызыкчылыгына каршы болуп атат. Бийлик алдын ала мындай иштерге чара көрбөсө, аягы жакшы менен бүтпөй калчудай. Алар эки нерсени дүрбөттү: биринчиси, ККМ. Менимче, бул аппараттар бийлик төбөлдөрүнүн бирөөсүнүн атайын сатылып келгендей сыпатталып атканы кандай? Анан бүтүндөй финансылык системага башаламандыкты жаратууда. Мамлекетке жана анын ичинде экономикага зыянын тийгизип, ишкерлерге кыйынчылыктарды жаратууда. Экинчиси, белгилүү саясат таануучу Марат Казакпаев болду. Ооруп аткан адамды ооруканадан сууруп чыгып, акыры эмне болду? Дени-карды соо адам эле. Аны камаганга эч кандай негиз жок болчу. Муну менен катар кандайдыр бир прецедент түзүлүп калды. Бул кийинки учурларга мисал болуп бере турган, адамдарга коркунучтуу жарата турган абал эмей эмне?

Качкын Булатов, укук коргоочу:

-- Ооба, саясый кырдаал тынч эмес. Марат Казакпаевдин өлүмү огобетер коомчулукту дүрбөлөңгө салды. Элдин баары нааразы. Коррупция түп-тамырынан жоголгон жок, уланууда. Күнүмдүк керектелүүчү товарлардын баасы асман чапчыды. Ал ортодо соодагерлер патентин төлөп коюп, соодасын тынч жүргүзүп келген. Анан эле ККМди киргизүү менен ири соода маркалары өзүнүн товарларын соода түйүндөрүнө акциздик марка менен гана чектелип жүргөн болсо, азыр ККМ деген немеси чыккандан бери товарлары азайды, аны менен бирге жеке ишкерлер түшүнүксүздүктүн айласынан эмне кыларын билбей, айла-амалдары кетип турган чактары. Бул жаатта бийлик тараптан жетиштүү түшүндүрүү, окутуу иштери жүрбөдү. Нааразычылыктар күн сайын көбөйүүдө. Бизде көнүмүш адатка айланып калган күз же жаз айлары митинг, пикетибиз жайга өтүп кеткенине да жогорудагы эки себеп түрткү болду. Эгер бийлик өз убагында акылына келбесе, аягы кандай нерселер менен коштолуп кетерин айтуу кыйын...  



Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер