Акыркы кабарлар
» Саясат » Сурабалдиевага маселе жаралабы? “Кудайберген” базары талкууга түштү...
Сурабалдиевага маселе жаралабы? “Кудайберген” базары талкууга түштү...
22-декабрь, 23:27


Жаңы келген парламент депутаттарынын ичинен Элвира Сурабалдиева активдүүлүгүн көрсөтүп, үнүн бийик чыгарып сүйлөй баштаган. Көп өтпөй кызыктай көрүнүшкө күбө болдук. Күтүүсүздөн эле “Аки-пресстин” Инстаграм баракчасында “Кудайберген” базары боюнча талкуу жаралып, интернет колдонуучулар копшолуп чыгышты. Сын-пикир, ачуу кептер коштолду. Сыягы, жөн жерден “чөптүн башы кыймылдабаса” керек. “Кудайбергендин” кең аянты атайын видео аркылуу чагылдырылып, элдин бүйүрүн огобетер кызытууда. Аныгында Элвира Сурабалдиевага маселе жаралып, эбегейсиз бизнесинен кол жууйбу? Базарды шаардын сыртына көчүрүү жагы да бекер жерден айтылбаса керек...











