Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Жаңы дем” биримдиги кандай ойду жаратууда?

“Жаңы дем” биримдиги кандай ойду жаратууда?

12-июнь, 19:35
662 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌


Ишенбай Кадырбеков, коомдук ишмер:

-- Бул жакшы нерсе. Пикирлеш адамдар чогулушуп, шайлоого бирге барышарына мен макулмун. Колдойм. Өзгөчө бутунан туруп калган чоң адистер, Темир Сариевге окшогон тажрыйбалуулар “элим үчүн” деп, өз амбициясына алдырып, “мен элемин” дебей, бириккендери жакшы иш. 

Саясат деген кыйын нерсе, коомдун талабына жараша, коомдогу болуп жаткан кырдаалдын өнүгүшүнө карай биригишет. Шайланып калышса, чаржайыт болуп ажырап кетүүлөрү да мүмкүн. Ар кандай абал күтүлөт. Бирок умтулуп, үмүттөнүп, “чогуу бололу” деп бириккендери жакшы нерсе. Калганын турмуш өзү көрсөтөт. КСДП, ошол эле “Ата Мекен” партиясында бөлүнүү-жарылуулар болду. 

Калдарбек Абдраманов, башкы кардиохирург:

-- Кызык эле элбиз. “Татыктуулар, тажрыйбалуулар башкарсын парламентти, жаштар келсин, чимкириктер кетсин” дейбиз. Анан эле түзүгүрөөктөр биригип аракет жасай баштаса, фейки-мейки баш болуп, кээ бир карапайым ишенчээк жакшылар да төш болуп эле шыбап жатып калабыз, бөлүнүп-жарылып. Бири-бирин жек көрүүнүн да чеги болот. Ушинтип караңгылыкка батып, “жылт” эткен жарыкты өзүбүз жаап отурсак, кыргыздар өнүкмөк белек?! 

Кээде биз, врачтар караңгылыктан, көрүнгөн шарлатандардын, табыптардын дарысын ичип жүрүп, өлүм алдында келген бейтапка жардам бере албай калганда, күйбөгөн жериң күл болуп, чыдабай, “өзүң күнөөлүүсүң, өлө бер эми!” деп басып кеткиң келет. Бирок айла жок, бооруң ооруп, бир үмүт менен өмүрүн сактаганга аракет кыласың. Бирок, врачтар да Кудай эмес, канчалаган чыркыраган жандарды өлүм алып кетет...

Ошондой эле саясатта да өз өлкөсүн, элин “дарылап”, баткактан алып чыккан кудуреттүү саясатчылар болот. Эл ошолорду тандай албай, “чимкириктерди” тандап, мамлекеттин тагдырын ошолорго кармата салып атышат. Аягы азыркы акыбал: өлкө карызга батып, таланып-тонолуп, чек арасын тактай албай, жерин талатып, элин бириктире албай "өлгөнү" калды. Эми эртеңки шайлоодо татыктууларды тандай албасак, мамлекет катары жоголуп кетерибиз айдан ачык болуп турат. Өтө өкүнүчтүү!..

Алишер Мамасалиев, экс депутат:

-- Мен “Ата Мекен” партиясынын аянтында жаңы шайлоо альянсын түзүү жөнүндө өз таасирлерим менен бөлүшсөм, мындай презентациялардан кийин коомдук жайларда жактоочулар менен оппоненттердин "атышуулары" болуп жаткандыгын билем.

Биринчи таасир: сырты жагымдуу альянс. Долбоор бүгүнкү коомдук суроо-талапка жооп берет, бөлүштүрүлөт, альянстын ар бир мүчөсү балансты кармайт. Мисалы, орус тилдүү электорат үчүн Наталья Никитенко бар деген ойдомун. Анан “Ата Мекендин” шайлоо жарышына биринчилерден болуп киришкендиги, албетте, ийгиликтүү тактикалык кыймыл. Бирок, альянс ушундай курамда 2020-жылдын августуна чейин жашай берет, талапкерлердин тизмесин БШКда каттоодон өткөрүү керек болгондо, эч ким кепилдик бере албайт. Практика көрсөткөндөй, мындай саясый альянстар ар дайым шайлоонун алдында пайда болот жана үгүт иштери башталганга чейин алардын аз гана бөлүгү аман калат. Аянтка “оор капчыктары” бар адамдар «Ата Мекендин» алдына чыгышат, анткени шайлоолор негизинен ресурстар болуп саналат, ал эми «оор капчыктар» биринчи ондукка кирет.  

Акыркы белгилеп кетким келген нерсе, КСДП кулагандан кийин “Ата Мекен” – бул кичинекей, бирок туруктуу электоратка ээ болсо дагы, өлкөдө чыныгы саясый тажрыйбасы бар жалгыз саясый партия. Эгер алар туура тактика жана стратегия жүргүзүшсө, парламентке кирүү мүмкүнчүлүктөрү абдан реалдуу.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер