Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Камчыбек Ташиев: “Эки өлкөгө тең пайдалуу келишим кабыл алынды”

Камчыбек Ташиев: “Эки өлкөгө тең пайдалуу келишим кабыл алынды”

10-октябрь, 18:54
321 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Кыргызстан Өзбекстанга 4485 гектар жер берип, ордуна 19699 гектар жер алды. Мындай билдирүүнү УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетитинин жыйынында, кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо жана делимитациялоо маселеси тууралуу маалымат берип жатып айтты.
Анын айтымында, Кемпир-Абад турган 4485 гектар суунун жери Өзбекстандын карамагына өткөрүүгө макулдашылды. А бирок сууну тең башкаруу келишимин кеңешишти. 8 кишиден турган башкаруу ишкана курулуп, эки өлкөдөн 4төн киши сууну башкарат.
«Мындай келишим эки өлкөгө тең пайдалуу. Анткени айтылган 19699 гектар жерди кайтарып берип, Кемпир-Абадды толук бойдон өлкөгө алып калсам болмок. Бирок, анда Өзбекстандын 2 миллион гектар жери сугатсыз калмак. Кыргызстан дагы бир канча айдоо жана жайыт жерден айрылмак» деди Ташиев.
Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн жерлердин тизмеси:
Гавасай – 12 872 га
Көк-Серек айылы – 105 га
Баястан – 212 га
Үңкүр-Тоо – 35 га
Ак-Таш – 100 га
Шарихан-Сай – 19,5 га
Кара-Белес – 25 га
Өзгөн жана Сузак райондоруна — 1000 га
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер