Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Фактчек”, “Клооп” сыяктуу ЖМКлар мафия түзүшүп, өлкө ичине дүрбөлүң салууга кызыкдар болушууда”

“Фактчек”, “Клооп” сыяктуу ЖМКлар мафия түзүшүп, өлкө ичине дүрбөлүң салууга кызыкдар болушууда”

17-декабрь, 17:46
1 648 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌


"Фактчек", "Клооп" сыяктуу сайттар Батыш өлкөлөрүнөн каржыланып жатса, улутубуздун, мамлекетибиздин кызыкчылыгын көздөшөбү? Же алган акчаларын актоо үчүн туруктуулукту бузууга, сырткы күчтөрдүн мүдөөсүн аткарууга жанталашабы? Деги эле тышкы долбоорлордун негизинде иштеген ЖМКлар өлкөбүзгө канчалык деңгээлде зыян келтирүүдө?” деген собол таштадык.

Анарбек Усупбаев, коомдук ишмер:

-- Чет мамлекеттин эли бизге эч качан жакшылык каалабайт. Керек болсо, жаныбыздагы боордош деген мамлекеттердин ойлору башка. Союз мезгилинде канткен менен бири-бирибизге боор тартып турчубуз. Азыр башкача жашоо. Ар ким өз кызыкчылыгын жогору коюуда. Учурда ислам динин таратуу, биздин каада-салтыбызга, нарк-насилибизге туура келбеген араб элинин идеологиясын жайылтуу максатында элдерди алдап, “жаңы жыл тоспойбуз, башка майрамдардын баары “ширк” ж.б.” дешип, светтик жашообузга бүлүк салуу аракетин кылууда, түбү бузуку. Көп мамлекеттердин башында жөөттөр турат. Дүйнөнү жөөттөр башкарып, калгандары кул болушу керекпи? Биз ушундан адашпай жашаганыбыз оң. 

Ал эми жогоруда аты аталган сайттар биздин мамлекетибиздин кызыкчылыгын экинчи жана үчүнчү планга жана андан ары жылдырып, эң ириде каржылап аткан мамлекеттин акчасын адалдоо максатында иш алып барып аткандары айдан-ачык көрүнүп турганы жалганбы? Ушу сайттарга кирип маалымат окугум келбейт. Анткени, ар качандан бир качан мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кетире турган, же кыргызды кыргызга тукура турган терс маанайды жазышканы талданабы? Мамлекет башчы, өкмөт бул сайттар кайсы мамлекеттен, кайсы уюмдан каржыланып атканын тезинен аныктап, мыйзамдуу алкакта чара көрүшү керек.    

Жоомарт Аматов, жарандык активист:

-- Негизинен акыркы учурларда Батыш өлкөлөрүнөн каржыланган “Фактчек”, “Клооп”, mediahub ж.б. ЖМКлар Кыргызстанда өзүнчө мафия түзүшүп, өлкө ичине дүрбөлүң салууга кызыкдар болушууда. Тагыраагы, Кыргызстандын ичинде туруп алып, элибизге ачык эле маалыматтык согуш жарыялады. Бул көрүнүш эгемендүү Кыргыз мамлекети үчүн трагедия! Мен кыргыздын уулу катары ачык айткым келет, Батыш өлкөлөрүнөн каржыланган ЖМКлар Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын, улуттук баалуулуктарын даңазалаган материалдары жокко эсе! Качан көрбө “Кыргызстан болбой калды! Революция кылыш керек!” деп элдин башын айланткан, улуттук баалуулуктарга каршы келген жаңылыктар, иликтөөлөрдү чыгарып келишет. Батыш өлкөлөрүнөн каржыланган ЖМКларга миллиондогон доллар акчаларга кандай гана ыплас иштер жасалып жатканын карапайым эл билбейт. Кыргызстан сырткы душмандардан азыр коркпой эле койсо болот, анткени бизди жок кылууну көздөгөн күчтөр өлкө ичинде ээн-эркин демократиялык баалуулуктарды бетине кармап алып, элди жалган маалыматтар менен уулап жүрүшөт. Мындай мамлекетти бөлүп жарган ЖМКларды мамлекеттен кетирип, жаап салуу керек. 

Бүбайша Арстанбекоа, коомдук ишмер:

-- Негизинен Батыш тараптан каржыланган сайттардын алдыга койгон максаттары – ачык-айкындуулукту камсыз кылуу болуп эсептелет. Суудай тунук, таразага тарткандай тең салмактуу жана адам укуктарынын бирдей сакталышы тууралуу  адилеттүү ой-пикир жаратып, коомчулуктун аң-сезимин ойготушу абзел. Тилекке каршы, бизде андай эмес. Анткени, элдин тынчтыгы, ынтымагы өлкөбүздүн өнүгүшү жөнүндө жазган ММК жана интернет сайттар аз, жокко эсе. Себеби, Батыштын акчасын акташ үчүн кандай бийлик болбосун каралап жазып, "кетсин!" деген саясый ач кыйкырык, куу сүрөн болгон сайын Батыш каржылоосун күчөтүп турат. Саясый акцияларды өткөрүүгө кеткен акчаларды иликтесеңер, Кыргызстандын сырткы карызын эки эсе төлөп койсо болмок! Батыштан каржыланган сайттар эч качан мамлекеттин кызыкчылыгын көздөбөйт, каражат бергендердин гана буюртмасын аткарат!


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер