Акыркы кабарлар
» Коом » COVID-19: Россияда бир суткада 780 адам каза болду
COVID-19: Россияда бир суткада 780 адам каза болду
13-июль, 18:19
1 529 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Россияда соңку 24 сааттын ичинде коронавирустан 780 адам көз жумду. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку күнүмдүк көрсөткүч.
Коронавируска каршы борбордун маалыматына ылайык, 25 миңдей адамдан вирус жаңы аныкталды. Анткен менен байкоочулар инфекцияга чалдыккандардын жана өлгөндөрдүн саны Россияда азайтылып көрсөтүлүшү мүмкүн экенин белгилешүүдө.
Бийлик коронавирустун кескин жайылышын коронавирустун “дельта” вариантынан жана вакцинациянын жай жүрүшүнөн көрүп жатат. Учурда Россиядагы калктын 15%ы гана эмделди. Азырынча өкмөт карантин чараларын киргизүүнү караган жок. Акыркы маалыматтар боюнча Россияда коронавирус 5,8 миллиондон ашык кишиден аныкталды. Анын 5,2 миллиондон көбү айыкты. Ошол эле учурда 144 миң 492 киши оорудан каза болду.