Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Канткенде сырткы киреше булактарын, инвестицияны өлкөбүзгө тарта алабыз?

Канткенде сырткы киреше булактарын, инвестицияны өлкөбүзгө тарта алабыз?

09-октябрь, 18:13
1 719 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Кыргызстан инвестиция тартууда эң артта калган өлкө экени белгилүү. Биздеги туруксуз кырдаал, коррупциялык элементтер тескери таасир берип келет. Бул көйгөй чечилеби? Канткенде сырткы киреше булактарын ишендире алабыз?..” деген собол таштадык.

Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер:

-- Инвестициялардын келиши өлкөдөгү инвестициялык климаттан түздөн-түз көз каранды, ал ыңгайлуу болуусу шарт. Ал эми инвестициялык климат – бул көп факторлуу нерсе. Биринчиден, мамлекеттик бийликтин жана анын ички-тышкы саясатынын туруктуулугу, ырааттуулугу. Экинчиден, мамлекеттик бийликке карата ички-тышкы ишеним. Үчүнчүдөн, өлкөдөгү коррупциянын деңгээли, аны менен күрөштүн ырааттуулугу. Төртүнчүдөн, өлкөдөгү мыйзамдардын туруктуулугу, ишкерлик кылуунун эрежелеринин тактыгы. Бешинчиден, инвесторлорго жана инвестицияларга карата берилүүчү кепилдиктер, алардын корголушунун камсыз болуусу. Алтынчыдан, өлкөнүн инвесторлор үчүн кызыктуулугу, аймактын же дүйнөлүк рыноктогу орду. 

Булар орчундуулары эле, мындай факторлорду дагы санаса болсо керек. Бул шарттар негизинен аткарылбай турган жерге инвесторлорду айдасаң да келбей турганы талашсыз эле нерсе.

Венера Осмонбетова, экономика илимдеринин кандидаты:

-- Биринчиден, биздин мамлекетке тыштан акчалуулардын келишине шарт түзүп, ишкерлик менен алек болуу үчүн инвестициялык климатты жакшыртуу керек. Алардын толук кандуу укугун коргоо боюнча эффективдүү системаны түзмөйүнчө, реалдуу инвесторлор узак мөөнөттүү жана жогорку технологиялуу долбоорлор менен келиши мүмкүн эмес. Биз аларга колдон келишинче баардык шарттарды түзүп, туруктуу кепилдиктер менен камсыз кылуубуз кажет. Экинчиден, мамлекет өзүнүн туура эмес жана мыйзамсыз чечимдерин кайра карап чыгууну үйрөнүшү абзел. Ошону менен инвесторлорго өз укуктарынын коргоочусу болууга даяр экенин көрсөтүшү керек.

Нур Токобаев, экономика илимдеринин кандидаты:

-- Кыргызстанга инвестиция тартуу абдан начар болуп атат. Салыштырмалуу башка өлкөлөр инвестор үчүн баардык, анын ичинде коопсуздук, кепилдик, дагы-дагы толуп жаткан шарттарды түзүп берет. Алыс кетпейли, коңшу Өзбекстанда эле ушул жагдайлар жакшы каралган. Эгерде бизде кепилдик менен коопсуздук болсо, инвесторлорду тарта алабыз. Бул жерде Кытай, Түркия же башка өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбаларын карап чыгып, биздин мамлекетке ылайыктуусун өздөштүрсөк эле бу жагы оң жолго түшкөнү турат.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер