Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Абсаттар Сыргабаевдин министрликти жетектегенге дарамети жетпейби?

Абсаттар Сыргабаевдин министрликти жетектегенге дарамети жетпейби?

24-июль, 08:00
546 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Күрүчтүн арты менен күрмөк суу ичет” дейт. Анын сыңарындай, транспорт жана коммуникациялар министрлигине Абсаттар Сыргабаевдин дайындалганы таңгалычтуу. Мунун жайын айтсак, губернаторлордун ичинен эң алсыз кадр катары бааланып келген. Буга чейин Жалал-Абад облусун жетектеп, өзүн тийешелүү деңгээлде көрсөтө алган эмес. Идея, демилгелерден аксап калганын кантебиз? Билим, тажрыйбасы жетиштүү алкакта өспөгөнүн коллегалары эле каңкуулап калышчу. Ал эми үч жарым жылдан бери Жалал-Абаддын өнүгүп атканы – Камчыбек Ташиевдин иш-аракетине байланыштуу. Бюджеттен миллиарддаган сомдорду бөлдүрүп, андан сырткары спонсорлорду тартуу менен өзгөрүү, өсүү багытында баратат. Бул жагын коомчулук жакшы билет эмеспи. Натыйжада, Абсаттар Сыргабаевдин аймакта иштегени билинбей, тапшырманы гана аткарып келсе, эми транспорт жана коммуникациялар министрлигин кантип жетектейт? Дарамети чектелүү экени даана билинип, уят болбойбу? Эмитен эле коллективи сөз кыла баштады. Аз күндө көрөбүз...  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер