Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аксыда окуучу кыздар чачташып, мушташты

Аксыда окуучу кыздар чачташып, мушташты

20-ноябрь, 11:29
710 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кечээ социалдык тармактарда топтошкон окуучу кыздардын мушташып жаткан видеосу тарады. Бул видеодо топтошкон кыздарды бери жактан уюлдук телефонго башка балдар тартып алышып, аларды сүрөп, шылдыңдап, күлүп жаткан үндөрүн угууга болот.

Суунун жээгине барып, чачташып, мушташкан кыздар Аксы районунун Жаңы-Жол айылындагы Жоробек Мамытбеков орто мектебинин окуучулары экени айтылууда. Окуя 18-ноябрда болгону жазылган.

Бул кыздар атайын суунун жээгине чогулуп, сөгүнүшүп, кийин мушташып, чачташып жатканын көрүүгө болот. 

Мектепте окуучу кыздардын мындай кылыктары социалдык желелерде катуу талкууга алынууда. Жергиликтүү милиция бул боюнча иликтөө иштерин баштаганын айтты.

Ал эми кыздардын эмне талаш-тартышы бар, канчанчы класста окушат азырынча белгисиз. 

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер