Тоо-кен тармагы көмүскөдө калды, адистердин сунуштарын өкмөт угушу керек


Урматтуу Садыр Нургожоевич!
Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!
Акыркы убакта тоо-кен тармагы боюнча мамлекет тарабынан бир топ иштер жүрүп жатат. Расмий маалыматтарга ылайык, быйыл ушул тармактан мамлекеттик бюджетке 9 ай аралыгында 42 миллиард сомдон ашуун каражат түшкөн. Жыл аягына чейин бул сумма дагы 50 миллиард сомго чейин өсөт деген божомолдор бар. Бул чоң көрсөткүч. Тоо-кен тармагындагы өндүрүүчүлөрдүн айрымдары мамлекеттен бир тыйын алышпай, тескерисинче, бюджетке ири көлөмдө акча берип жатышат. Бул өзүнчө эле чоң жетишкендик. Тоо-кен тармагы эконономикабыздын локомотивинин бири деп айтсак болот. Албетте, мыйзам талаасында иш алып баруу жагынан да иштер жүрүүдө. Мыйзамды бузган айрым компаниялардын лицензиялары кайтарылып алынып, мамлекетке өткөрүлүп берилди. Бюджетке ондогон, жүздөгөн миллион сомдор түшүп жатат. Бул иштин туура жолдо баратканынан кабар берет.
Бирок, ошол эле учурда дагы деле көйгөйлүү маселелер бар. Эгер ошолор өз учурунда каралып, чечилсе, тармак дагы да өнүгүп, чоң ийгиликтерге жетмек. Биздин бирикме бул багытта бир нече ирет кат жүзүндө да, оозеки да кайрылууларды берип келгенбиз. Мисалы, 2021-жылдын февраль айында резиденцияда тоо-кен тармагы боюнча президент менен жолугушуу болгон. Анда да ушул маселелер көтөрүлүп, биздин бирикме тарабынан тийешелүү сунуштар берилген эле. Ошол сунуштардын уландысы катары бүгүн дагы айрым көйгөйлөрдү айтып чыгуу зарыл болуп турат.
Биздин оюбуз боюнча, бул тармакта туруктуу иш алып баруучу жумушчу топ түзүлсө, абдан жакшы болмок. Ал топко адистер, тажрыйбалуу инженерлер жана илимий кызматкерлер кирсе, тоо-кен тармагын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошмок. Биздин уюмда эмгектен ардагерлердин асты учурда 90го жакындап, арты 60 жаштан ашты. Ошолордун билимин, тажрыйбасын мамлекеттин өнүгүүсүнө багыттоо – биздин эң чоң каалообуз. Ошондуктан, биз сунуштай турган эң негизги маселе – тоо-кен тармагын өнүктүрүү боюнча атайын мамлекеттик программа же токтом кабыл алуу. Бул документ келечекте тармактын стратегиялык өнүгүүсүнө негиз болуп берет.
Бүгүнкү күндө тоо-кен тармагын өнүктүрүү боюнча концепция иштеп чыксак, бул концепцияда жалпы эле кен байлыктар, анын ичинде алтынбы, темирби, көмүрбү, нефть же газ болобу, ошолорду кандай жол менен өнүктүрүү керек? Ошол боюнча бир документ иштелип чыкса деген ой бар эле. Тилекке каршы, биздин мамлекетибиздин деңгээлинде андай программалык документибиз жок. Экинчи маселе акыркы үч жылдан бери “Горный кодекс” иштеп чыгуу тууралуу сөз болуп келет. Бирок биздин көз карашыбыздан алганда, “Горный кодекс” эмес, “Кодекс о недрах” түрүндө кабыл алуу туура болот. Бул боюнча жумушчу топ түзүлсө, жардамдашып иштешкенге даярбыз.
Учурда биздин өлкөнүн көйгөйлөрүнүн баары камтылган бир эле министрлик болуп калган. Анын ичинде жаратылышты коргоо, экология, техникалык көзөмөл маселелери, тоо-кен тармагын иштеткен мекемелер баары бир министрликке камтылып калган. Азыркы учурда министрдин оозунан деле тоо-кен тармагы тууралуу көйгөйлөр айтылбай калды. Акыркы эки жылда ыш, экология, климатка байланыштуу гана маселелерди угуп калдык. Тилекке каршы, тоо-кен, геология тармагынын өсүшү көмүскөдө калды. Биздин сунуштарыбызды кабыл алып, атайын иш-чаралар өтүп турса жакшы болмок. Мурунку министр Мелис Тургунбаев иштеген жетекчилерди, адистерди чакырып турчу. “Тоо-кен тармагында кандай көйгөйлөр бар? Менден кандай жардам керек?” деген кеңешмелерди өткөрүп турар эле. Азыр тилекке каршы, андай кеңешмелер болбой калды. Ошондуктан, эң биринчи башкаруу структурасына өзгөртүү киргизилиши керек деп мурда да айтып келгенбиз. Тоо-кен менен геология тармагын министрликтен бөлүп, агенттик кылып же өз алдынча мекеме түзүлүшү шарт. Былтыркы жылдын эсебинен болгону 27 тонна алтын өндүрсөк, Өзбекстан өткөн жылдын эсебинен 129 тонна алтын өндүрдү. Казакстан өлкөсү 87 тонна алтын өндүрдү. Мисалы, мурда Казакстан 30 тоннадай эле алтын өндүрүп келген. Өзбекстан болсо тоо-кен тармагына өзгөчө маани берип, бул тармакты тескеген мекемени министрликке чейин жеткирди. Биз дагы ушундай башкаруу структурасын түзүп алсак, өнүгүүгө жол ачылмак.
Биз көтөрүп келе жаткан көйгөлөрдүн ичинде көмүр, газ, нефть иштетүүчү мекемелер боюнча дагы өз алдынча мүмкүнчүлүктөр берилген, шарттары түзүлгөн өз алдынча мекемелер болушу шарт (!) деген маселени көтөрүп келгенбиз. Мисалы, «Кыргызкөмүр» ишканасы учурда болгону 20дай лицензияны өз карамагында кармап турат. Бул жалпы лицензиялардын болгону 5 пайызы гана. Калган лицензиялар ар кандай жеке ишканалардын колунда. Ошондуктан мамлекеттик саясат бул тармакта бирдиктүү башкаруу системасын түзүп, баардык кен лицензияларын бир борбордон көзөмөлдөөгө багытталышы керек.
Ошол сыяктуу эле «Кыргызалтын» ишканасынын колунда да болгону 15-20дай лицензия бар. Ал эми жалпы алтын казуу боюнча лицензиялардын саны 400дөн ашат. Бул көрсөткүчтөрдөн көрүнүп тургандай, мамлекет аталган тармактарды бир колго топтоп, бирдиктүү стратегиялык саясат жүргүзүшү зарыл.
Энергетика жана көмүр, нефть жана газ тармактарында да ушундай көйгөй бар. Бүгүнкү күндө нефть менен газдын продукциясын биз көбүнчө коңшу өлкөлөр Казакстандан жана Россиядан алып жатабыз. Бирок Кыргызстанда да нефть менен газдын белгилүү бир запастары бар. Бул тармакты өнүктүрүү – өлкөнүн келечеги үчүн маанилүү маселе.
Биздин божомол менен өзүбүздү камсыздай турган нефть кендерибиз бар. Бул жакка каражат жумшалып, көңүл бурулуп иштетилип, өз өлкөбүздү нефть менен камсыздай алсак, чоң жетишкендик болмок. Себеби, божомол боюнча 1 миллиард тоннадан ашык чийки нефть жер астында бар деп айтылып жатса, биз жылына 3 миллион тонна эле нефть казып өндүрүп ала турган болсок, 1,5 миллион тонна нефть иштетилип чыкса, анда биз толугу менен бул продукт менен өз өлкөбүздү камсыз кылып алат элек. “Кыргызнефтегаз” мекемесине да тапшырмалар берилип, жалпы алынган лицензия боюнча көзөмөл жүргүзгөнгө алар дагы мүмкүнчүлүк алышып, жаңы иштелип чыга турган концепцияга салымын кошушса, анда өлкөбүздү нефть, газ менен камсыздоого мүмкүнчүлүктөр жаралмак.
Биздин кендерибиз жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тийешелүү болгон жерлерде жайгашкан. Бүгүнкү күндө ар бир облус, район, айыл өкмөттөргө тийешелүү аймактарда кандай кендер жайгашканы боюнча атайын бизнес пландар түзүлүп, ошол бизнес пландардын негизинде кандай пайда тапса болот (?) деген маселе дагы бар. Себеби, кээ бир учурда кен иштете турган компаниялар менен жергиликтүү бийликтер каршылашкан учурлар да болгон. Алар биргелешип иштешип мамлекетке кандай киреше түшөт, жергиликтүү элге кандай социалдык пакеттер каралат (?) деген документ иштелип чыкса, аябай жакшы болмок.
Кийинки көйгөй: кендерди иштетүүгө илимий жактан кандай жардамдар көрсөтүлөт, кандай маселелер чечилет (?) деген маселелерди чечүүдө илимдер академиясынын курамында мурунку өз алдынча атайын институттар бири-бирине кошулуп, кадрларды даярдоо боюнча дагы тоо-кен металлургиялык институтту алсак, азыр техникалык университеттин алдында болуп калды. Ушул жагдайларды да эске алып, өзүнчө борбор түзүш керек. Бул институттар тоо-кен тармагы боюнча түзүлгөн мекемелер менен бирге иш алып барып, кадр маселеси каралышы шарт.
Акырында токтоло турган маселе – бул кадр маселеси. Тоо-кен тармагындагы мекемелерге профессионалдуу кадрлар иштесе түзүк болмок. Биз дагы көрүп келе атабыз, тилекке каршы, алар боюнча пикирлерибиз жаралып калып атат. Мисалы, “Кыргызкөмүрдө” иштеген прокуратурадан келген адам түздөн-түз бул мекеменин адиси болбогондон кийин өз сунуш пикирлерин да айта алган жок. Ишти алып кете алган жок, өкүнүчтүү. Азыркы күндө ал жакка ишбилги адис келип, иш жүрүп жатат десек болот. Мисалы, Кумтөр кени жаңы өзүбүзгө өткөндө жарака пайда болуу процесстери оор сыноо эле. Ал маселени убагында туура чечпегенде 14,5 тонна алтындын ордуна араң 7 тоннага жеткен алтын өндүрүп, сөзгө калмакпыз. Өзгөчө 19-блокту иштетүүдө жер көчкү маселелери пайда болуп кете турган болсо, анда жоопкерчилик да биздин мойнубузга жүктөлүп калмак. Адис катары ошол учурда профессионалдуу сунушубузду берип, ошол маселе чечилди.
Бүгүнкү күндө бийликтин жакшы чечилген жолдорунун негизинде биздин мамлекеттик “Кыргызкөмүр”, Кыргызалтын”, Кыргызнефтегаз” ишканалары алтын, көмүр, нефтиге байланыштуу кендерди алалбай келсе, учурда министрлер кабинетинин чечими менен гана ондогон лицензияларды алышып, иш жүргүзүп жатышат. Мыйзам талааларына жаңы өзгөртүүлөрдү киргизсек, жакшы маселелерди чечкен болот элек. Чындыгында ишканалар “Кыргызалтынга”, “Кыргызкөмүргө” мамлекеттин чечими менен гана кендерге лицензиялар берилип жатат. Бул жакшы көрүнүш. Бирок мындан дагы жакшы жолун тапсак болмок. Мисалы, өлкөдөгү кендерге конкурс өткөрүп, конкурска катышкан мекемелерден стартовый баасы менен ондогон, миллиондогон сомдорду бюджетке түшүрүп, андан сырткары, утуп алган компанияга мамлекеттик мекемелерге 30%дан кем эмес үлүш берилсе, бир ок менен эки коён аткандай болмокпуз. Ушундай сунушту да иштеп чыгуу шарт. Ошондой эле геологиялык корлор жөнүндө жоболорду жаңылоо да сунушталат. Ошону менен бирге ГЗКга дагы өзгөртүүлөрдү киргизишибиз керек. Ошол эле Кумтөр ж.б кендердеги корлор аныкталбай калып жатат. Бул боюнча да өз сунуштарыбызды бермекпиз.
Жогоруда айтылган сунуштар ишке ашса, тоо-кен жана геология тармагы мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнүн, жаңы жумуш орундарын түзүүнүн жана бюджетке киреше түшүрүүнүн негизги булагы бойдон кала берет. Биздин бирикме бул багытта тийешелүү мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташууга, тажрыйба жана сунуштарды берип, көмөк көрсөтүүгө толук даяр.
Терең урматтоо менен Дүйшөнбек Камчыбеков, тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасы, техника илимдеринин доктору, КР өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер
"Азия Ньюс" гезити











