Акыркы кабарлар
» Саясат » БШК төрагасына Тынчтык Шайназаровдун кайрадан дайындалышы катачылыкпы?
БШК төрагасына Тынчтык Шайназаровдун кайрадан дайындалышы катачылыкпы?
04-июнь, 12:29


Өткөн парламенттик шайлоодо БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров сын-пикирге калып, артынан бир топ чуулгандарды ырбатты. Коомчулуктун ишенимине ээ боло албаса, эптеп эле жөлөк-таяк менен келатса, акыры келечеги кетменделеби?..
Эми кайрадан БШК төрагасы болду. Көпчүлүктүн кыжыры келе баштаганын соцтармактагы пикирлерден байкай алабызбы? Негизи бул кызматка таза, эл ичинде аброю бар аткаминер дайындалганда, ишенимди жаратат беле? Шайназаровдун шайы, дарамети канчалык экени саясый чөйрөгө белгилүү. Чечүүчү ыңгайда “ойноп” кетпейби? Деги ушул кишиге толук кандуу ишенсе болобу? Таңгаласың.
Айтмакчы, Тынчтык Шайназаров убагында баңгизат менен кармалганбы? ЖМКларга чыкканы боюнча үн катпайбы? Ошол баңгизат чуусу боюнча Жылдыз Жолдошова менен Турат Акимовдун айтып чыкканына эмнеге жооп берген эмес? Айтор, ыңгайсыз соболдор арбын.










