Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шерадил Бактыгулов: “Кыргызстандын коопсуздугу өз колубузда”

Шерадил Бактыгулов: “Кыргызстандын коопсуздугу өз колубузда”

05-октябрь, 18:01
1 481 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Таалатбек Масадыков «Талибан» кыймылынын өкмөтүндө тышкы иштер министри кызматын ээлеген Амир Хан Муттаки менен жолугушту. Бул эл арасында түрдүү жоромолдорду жаратты. Сиздин пикириңиз да кызык болуп турат?

-- Биринчиден, алар Кыргызстандын гуманитардык жардамын Афганистанга жеткиришти. Афганистанга Т.Масадыков коопсуздук кеңешинин орун басары катары барды. Талибдерге ушундай жогорку даражадагы башка чет өлкөлөрдүн кызматчысы биринчи жолу барды. Албетте, мурда Өзбекстан тараптан жардамдар берилген, бирок алардыкы ашып кетсе министрдин орун басары болгон. Ал эми мындай жогорку даражадагы кызматчы биринчи жолу барып жатканда талибдер деле пайдаланып, чакыруу жолдошкон. Биздин гуманитардык жардам Кабулга жеткизилди. Бул түштүк Афганистан. Мисалы, Өзбекстандан жардамдар темир жол менен жеткирилген. Темир жол түндүк Афганистанда. Афганистан дагы Кыргызстандай тоолор менен эки тарапка бөлүнүп калган, түндүк, түштүк Афганистан болуп. Түштүк Афганистанга биринчи ирет жардам Кыргызстандан барды. Албетте, ушул сыяктуу маанилер көп. Талибдер да бул маалыматты туура колдонот. Ал «Талибан» кыймылынын өкмөтүндө тышкы иштер министри жалгыз эле эмес, заманбап Афганистандын саясый жетекчиси менен да жолугушуу учуру болгон. Бул тышкы иштер министри, андан кызматы жогорураак. Таалатбек Масадыков мурда БУУнун генералдык катчысынын атайын өкүлү болуп иштегендиктен, алардын баарын тааныйт. Тилди билет. 

Ал сапардын эң башкы максаты – биринчиден, Афганистан тарап менен Кыргыз Республикасынын коопсуздугу. Өлкө ушундай абалда турганда Кыргызстандын коопсуздугу өз колубузда. Бизге эч ким жардам бербейт. Мисалы, тажиктердин башчысы талибдерге каршы чыгып, өз алдынча жүрөт. Өзбектер тескерисинче, “талибдер менен иштешебиз” деп алар менен мамиле түзүшүүдө. Ар бир өлкө өз кызыкчылыгын, мүмкүнчүлүктөрүн карап, өз өлкөлөрүнүн коопсуздугуна өздөрү кам көрүп жатканда биз да ойлонолу.

Биз талибдер менен расмий түрдө мамиле түзгөнүбүз жок. Бирок алар Афганистанды башкарууда. Кыргыздар аны билет. 2010-жылы бизде да дал ушундай абал түзүлүп, Бакиевдер качып кеткенде бийлик юридикалык жактан аларда болуп жаткан. Чын-чынына келгенде бийлик убактылуу өкмөткө өткөн. Ошондуктан коопсуздук биринчи орунда болуш керек. Ал жакта да биздин жарандарыбыз бар. Баткен окуялары, тактары өчө элек. Алар Тажикстан аркылуу Баткен аймагына кирип келишкен. Бул күндөрдү эске алып, коопсузудукту сактап, талибдер менен иштеш керек. Коопсуздук шарттарын түзүү зарыл. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер