Эрнест Карыбеков, эксперт: “12 ортомчу менен майнинг фермалардан арылмайынча энергосистема оңолбойт”


-- Быйылкы кышка карай энергетикалык кризистин коңгуроосу алдыртан кагылып атат. Бул системада реформа эмнеге кечигүүдө?
-- Энергосистемада өзгөрүү жок. Мындай саясат менен дагы он жолу "өзгөчө кырдаалдар" киргизилсе дагы, системаны жөнгө салуу – бул жомок. “2026-жылы экспортко чыгасыңар” деп президент Садыр Жапаров министрге тапшырма берген. Натыйжада, тескерисинче, импорт көбөйүп баратат. Демек, бир нерсе калпыс болуп атат. Саясат туура эмес. "Айланайын абайла!" дегендей эле кышында энергетика системасында жүктөө өсүп кетсе, коңшулар биздин керектөөнү жабалбай калышса, тилекке каршы, анда чатак жаралат. Макул, өлкө жетекчилери баарын түшүнө беришпейт, ошону пайдаланып, системаны башкаргандар баарыбызды алдап келатышат. Токтогулда суу толук эмес. Анткени, союз убагында акылдуу адистер ГЭСти куруп атканда регламент жазып кеткен: “Кышка кирип баратканда 1-октябрда суунун көлөмү 16 миллард куб/метрден кем болбосун, кыштан чыкканда 12 миллиард куб/метрден кемибесин” деп. Регламент бузулуп, суунун көлөмүн түшүрүп алышып, эми толтуралбай жатышат. Бала-Саруу ГЭСи деп ММКлардан түшпөй мактанып атышты эле, эми кышында (муктаждык жаралганда), ал ГЭС свет бербейт. Эң маанилүү тармакты, өлкөнүн коопсуздугуна тикелей түз таасири бар системанын деңгээлин такыр эле түшүрүп салышты. Кара-Кече ТЭСи курулбаса иш оңолбойт. Өкмөттүн кагазга жазылган станцияларынын тизмеси жардам бербейт. Бирөөлөр өлкө башчыларын алдап ишендирди да.
-- Сиз башынан айтып келаткан электр энергиясына ортомчулук кылган 12 фирманын элибизге пайдасы барбы?
-- Айланайын, бийлик Кумтөр алтын кенин өлкөгө кайтарды. Эми ошол 12 ортомчуга алы жетпей калабы? Ортомчуларга министрлик, өкмөт көп жылга төмөнкү тариф берип, алар сарпталган каражатты илгери эле кайтарып, жалпы экономикабыздын, элдин эсебинен эмгиче киреше алып келишет. Буларга ким уруксат берди? Бүт мамлекетке өткөзүп, системаны бириктирип (эмгиче бириктирилген жок), башкармалыкты кыскартып, кирешелүү кылыш керек! Элге, экономикага тарифти көтөрүп эле (булардын башка варианттары жок) “оңолобуз” деген жомокчулардан арылуу абзел. Ортомчулардын зыяны көп. 12 ортомчу ошондой кыйын экен, анда электр станцияларды куруп, өздөрүнүн светин сатып, мамлекетке атаандаш болушпайбы? Колдорунан келбейт, ошон үчүн мамлекеттин денесине жабышып алышып, “канын соруп атышат”.
-- Эмне үчүн ошол 12 фирманын тейлөөсүн мамлекет өз колуна албай келет?
-- Чын эле ортомчуларды коргоп алышат. Бир ортомчу мамлекеттик радионун түз эфиринде элди үйрөтүп жатат... Карагылачы, эмне деген акыбалга түштүк? Энергосистема толугу менен мамлекеттин колунда болбосо, туура саясат жүргүзүлбөсө, өлкөнүн коопсуздугун бекемдей албайбыз. Свет жок – бүт токтойт.
-- Майнинг фермалардын экономикабызга тийгизген таасири кандай?
-- Майнинг фемаларды кечээ күнү эле өчүрүш керек болчу. Булар алдап атышпайбы, “алар өздөрү Россиядан электр энергияны сатып алышат” деп. Мектепте физика сабагын жакшы окубаган адамдарды алдаса болот, ал эми жалпы калкты алдай алышпайт. Кыргызстанда чыккан электр тогунун электрондорун алышат. Андан тышкары, өзүбүзгө импорттоп линиялар жогорку жүктө иштеп атышса, коңшулардын кубаттуулугу биринчи экономикабызга, элибизге керек болуп атса, булар майнинг фермаларга өткөзүп берип жатышат. Деги бул эмне деген жорук? Бүт система бир ууч коммерсанттарга иштеп, өлкөгө, элге светти колко кылып беришет.
Иши кылып Кудай сактасын! Калптары чыгат. Келе жаткан кыш калптын баарын ачыкка чыгарат. Кошуна өлкөлөр бизге берип аткан электроэнергияны экономикага, элге жеткире албасак, майнинг фермаларга беришеби?
"Азия Ньюс" гезити











