Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Данияр Жанузаков: “2023-жылдын жазгы талаа иштери өз убагында жана уюшкандыкта өтүүдө”

Данияр Жанузаков: “2023-жылдын жазгы талаа иштери өз убагында жана уюшкандыкта өтүүдө”

15-март, 09:00
454 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Айыл чарба министрлиги КР президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү менен биргеликте алдын ала уюштуруу иштеринде региондор боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүнүн приоритеттүүлүгүнө жана экспорттук потенциалына жараша адистештирүүгө өзгөчө көңүл бөлүүдө” дейт айыл чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Данияр мырза.

-- Данияр мырза, жазгы талаа иштери, анын ичинде дан эгиндерди, техникалык өсүмдүктөр жана жашылча талааларынын абалы кандай?

-- 2023-жылдын түшүмү үчүн 141,2 миң гектар күздүк дан эгиндери себилген, анын ичинен күздүк буудай 129,9 миң гектар, күздүк арпа 11,3 миң гектар эгилди.   2023-жылда бардык дан эгиндеринин себүү аянттары 667,7 миң гектарды түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу 20,1 миң гектарга көбөйүшү күтүлүүдө. Мунун ичинен буудайдын себүү аянты 255 миң гектарга чейин жетип, өткөн жылдан 16,3 миң гектар, арпанын себүү аянты 240,4 миң гектарга жетип, өткөн жылдан 2,8 миң гектар жана дандык жүгөрү 109,0 миң гектар айдалып, же өткөн жылдан 1,4 миң гектарга көп болушу болжолдонууда. Техникалык өсүмдүктөрдөн кант кызылчанын  аянты 5,4 миң гектарга көбөйүп, жалпысынан 14,5 миң гектарды түздү. Ошондой эле май өсүмдүктөрүнүн айдоо аянты 20,5 миң, же 2,6 миң гектарга көбөйтүү пландалууда. Ал эми картошка, жашылча жана тамеки айдоо аянттары 2022-жылдын деңгээлинде турукташат.

Талас облусунда кант кызылчасынын, жүгөрүнүн  аянттарын кеңейтүүнүн эсебинен төөбуурчакты себүү аянтын 2023-жылы азайтуу сунушталат. Себеби, 20 жылдан ашкандан кийин төөбуурчак моно өсүмдүк болуп, топуракта ар түрдүү фитопатогендер пайда болуу менен жердин пайдаланышын жараксыздыкка алып келет. Ошол себептен Талас облусунда келечекте фитопатологиялык абалды жакшыртуу үчүн министрлик тарабынан чырмалышып өскөн жогорку түшүмдүү төөбуурчактын сортторун пайдалануунун жана башка жогорку кирешелүү өсүмдүктөрдү өздөштүрүүнүн эсебинен төөбуурчактын аянтын кыскартууга   этап-этап менен өтүүнү сунуштайт. Мындан тышкары, Чүй облусунун тоолуу аймактарында, ошондой эле Ысык-Көл жана Жети-Өгүз, Ак-Суу райондорунда төөбуурчактын айдоо аянтын кеңейтүү сунушталууда. 

Жыйынтыгында, быйылкы жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түзүмүнүн   жалпы себүү аянты 1232,8 миң гектарды түзүп, же өткөн жылга салыштырмалуу 4,0 миң гектарга көп болушу болжолдонууда. Мындай көбөйтүү негизинен иштетилбей жаткан жерлердин эсебинен болот.

 Анын ичинде:

-- 141,2 миң гектар бардык күздүк дан эгиндери; 

-- 339,8 миң гектар өткөн жылдагы көп жылдык чөптөрдүн аянты;

-- 751,8 миң гектар жерде себүү жумуштары жүргүзүлөт. 

Учурда республикабыздын Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жазгы айдап-себүү иштери жүрүүдө.

Министрлик президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү менен биргеликте 2023-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жана уюшкандыкта  өткөрүүгө байланышкан маселелерди  тез арада чечүү жөнүндө жер-жерлерде штабдарды түзүү боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүп баштады.

-- Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү менен камсыздалышы кантип атат?

-- Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн продукцияларынын дүң жыйымын жогорулатуу максатында министрлик дыйкан-фермерлердин кондициялуу сапаттуу үрөндөрдү колдонуу жагына көңүл бөлүүдө. Алсак, республика боюнча жалпы 66,8 миң тонна кылкандуу дан өсүмдүктөрү керектелсе, анын 59,8 миң тонна үрөнү топтолуп, же 89,5% камсыз болду. Анын ичинен буудай үрөнү 23,7 миң тонна керектелсе, 20,8 миң тоннасы топтолду, же 87,7%ды түздү, арпа үрөнү 42,9 миң тонна керектелсе, 38,8 миң тоннасы топтолду, же 90,4%ды түздү. Жүгөрү үрөнү 2,7 миң тонна керектелсе, 2,3 миң тоннасы топтолуп, камсыздоо 88%ды түздү. Май өсүмдүгү 99,5%, көп жылдык чөп 50%, картошка  98%, пахта 88,4%, жашылча, бахча 98% камсыздалды. Жетпеген үрөндөр Россия Федерациясынан келген үрөндөр менен жана дотация системасы аркылуу камсыздалат. 

Мындан тышкары, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сертификатталган үрөн материалдары менен камсыздоодо айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында жана жогорку сертификатталган үрөндөрдү өндүрүү жана сатуу үчүн республиканын үрөнчүлүк чарбаларына жагымдуу шарттарды түзүүдө “Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө” мыйзамга ылайык, мамлекет приоритеттүү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн супер элита, элита, I-II репродукциядагы сорттор жана биринчи муундагы гибриддердин үрөнүн өндүрүүдө 30% баасынан чыккан чыгымдарын төлөп берет. 

2023-жылдын жаздык себүүсүнө керектелүүчү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн дотация системасы аркылуу берилүүчү үрөндөрдүн баалары аныкталып, дыйкан фермерлерге 30% арзан баада үрөндөрдү берүү пландалып жатат. 

-- Минералдык жер семирткичтерди камсыз кылуу жагы да бар эмеспи? 

-- Топурактын асылдуулугуна таасир этүүчү жана өсүмдүктөрдүн жогорку сапаттагы түшүм алууга жана алардын өсүүсүн камсыз кылууга жардам берүүчү негизги жеңил ыкмалардын бири – жер семирткичтерди туура пайдалануу системасы болуп эсептелет. 2023-жылга республиканын айыл чарбасынын минералдык жер семирткичтерге болгон муктаждыгы 286,7 миң тоннаны түзөт (анын ичинен: азоттук жер семирткичтер 163,5 миң тонна, фосфордук 105,8 миң тонна, калийдик 17,2 миң тонна). 2023-жылдын 28-февралына карата республикага жалпысынан 39,7 миӊ тонна минералдык жер семирткичтер ташылып келинип, анын 30,0 миӊ тоннасы азоттук, 9,7 миӊ тоннасы форсфордук жана аралаш минералдык жер семирткичтерди   түздү. 

-- Минералдык жер семирткичтерге болгон баалар кантти?

-- Кыргыз жер семирткичтерди ташып келүүчүлөр ассоциациянын берген маалыматына ылайык, 2023-жылдын 28-февралына карата үстүбүздөгү жылы минералдык жер семирткичтерге болгон баалар 2022-жылга салыштырмалуу аммиак селитрасы 1 кг үчүн 8-10 сом, ал эми карбамид 10-12 сомго төмөндөдү. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер