Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Чечкинсиз өкмөттүн кесепетинен кыргыз-казак чек арасында көйгөй жаралууда”

“Чечкинсиз өкмөттүн кесепетинен кыргыз-казак чек арасында көйгөй жаралууда”

11-июнь, 18:22
761 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз-казак чек арасындагы тыгын эки өлкөнүн мамилесине доо кетирүү коркунучун жаратып отурат. Казакстан ЕАЭБдин эрежелерин бузуп, Кыргызстанга чек арадан өтүү көйгөйлөрүн жаратканы, бизге болгон басымы кандай? Бул маселеден улам өлкө экономикасы, ишкерлер жабыр тартууда. Же кыргыз өкмөтүнүн ишке жөндөмсүздүгү ушул жерден да далилденип атабы?

Сейил Нажимудинова, эксперт:

-- Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек арада жүктөрдү өткөрүү маселеси ЕАЭБге чейин эле болуп келген. ЕАЭБ – өлкөлөр арасында ушул сыяктуу маселелерди чечүү үчүн, башкача айтканда жеңилдетүү максатында куралган. Кандай гана жакшы максат жана мүдөө менен куралса дагы, ЕАЭБ экономикалык эмес, саясый долбоор. Ошондуктан ушундай көйгөйлөр болуп жатат. ЕАЭБге мүчө болгон баардык өлкөлөр өзүнө түшкөн милдет жана тапшырмаларды туура аткарган учурда гана ийгиликтүү боло алат. Конфликттик кырдаалдан утуп чыгуу үчүн Кыргызстан тарап дагы өз милдеттерин аткарышы керек. Мисалы, бажыдагы, чек аралардагы коррупциялык схемалар биздин колубузду бууп, баардык экономикалык талаш-тартыштарда жүзүбүзгө көлөкө түшүрүүдө.

 Албетте, бул кырдаалдан эң чоң зыян көргөндөр ишкерлер. Аларга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү – өкмөттүк органдардын милдети. Бул жагынан аракеттер жүргүзүлүп жаткандыгына карабастан, эффективдүүлүгү жокко эсе. Өкмөт өкүлдөрү Казактан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аракет кылып атат. Бирок, бул эффективдүү эмес. Бул үстүңкү катмардагы чаңды гана алып койгонго барабар. Мындай жол менен узакка кетпейбиз. Азыр чечилет, күзүндө кайра башталышы мүмкүн. Дагы бир жолу кайталагым келет, ЕАЭБдеги мүчөлүк бул экономикалык панацея эмес.


Төлөнбек Абдыров, экономика илимдеринин доктору, профессор: 

-- Кыргыз-казак чек арасындагы бүгүнкү күндө түзүлүп калган жагдай төмөндөгүчө: негизинен ар кайсы мамлекет өзүнүн кызыкчылыгын дайым көздөп, ишкерлерин, ишканаларын коргоп, чет өлкөдөн келе турган атаандаштык жаратуучу компанияларга сөзсүз түрдө бөгөт коюп, ар кандай тоскоолдуктарды жаратат. Ошонун негизинде ЕАЭБдин алкагына Кыргызстан киргенден бери кыргыз-казак чек арасында ар дайым ушундай көйгөйлөр, кыйынчылыктар болуп эле келатат. Учурда жүздөгөн фуралар чек арада туруп калышты. Казак бир туугандар “аткезчилик менен шугулдангандарга бөгөт коёбуз” деген шылтоого жамынып алышып, ар кайсы машинени токтотуп, ыгы жок текшерип, кыйынчылыктарды жаратып жаткан кездери. Биздин жашылча-жемиштер, айыл чарба продукциялары ошол эле Казакстан жана Россия мамлекеттеринде мыкты деп саналып, сапаттарына жакшы баа берип, экологиялык жактан таза болгондуктан, алардын эбегейсиз муктаждыгына ээ экени талашсыз. Бул жерде казак ишкерлеринин биздин ишкерлерге чоң ичкүйдүлүгү бар. Биздики эл аралык стандартта ар дайым утуп кетип атышат. Болгону ушу.

Расул Уметалиев, эксперт:

-- 10-20 жылдан бери чек арада казак кошуналарыбыз басым кылып келет. Айрыкча жай мезгилдеринде автоунааларды өткөрбөй, бизге кысым күчөйт. Бул маселени терең карай келсек, суу маселесине барып такалат. Өткөн жылы да унааларыбызды 5-10 чакырым жолго тизип коюп, анан алардын премьер-министри Аскар Узакпаевич Мамин келип, биздин премьер-министрге жолугуп, суу маселесин чечип кеткен. Биздин өкмөт “Киров” суу сактагычынан, “Орто-Токой” суу сактагычынан аларга суу коё бергенде алар унааларды өткөрө баштаган. Быйыл дагы маселени ошондой чечүүгө аракеттери бар. Биз ЕАЭБдин мүчөсүбүз, кол коюлган келишимдер бадырайып турат. Транзиттик Европага кете турган жүктөрдү текшергенге Казакстандын укугу жок. Алар өткөрүшү керек. “Бул жүктөр мыйзамсыз, Кытайдан келип жатат” деген шылтоолорду айтып, кадимкидей биздин өлкөгө кысым жасап жатышат. 

Учурда Казакстандын түштүк аймагында 55-60 градуска чейин ысык аба ырайы болот (!) деген божомолдор бар. Өткөн жылы да ошондой болгон. Айыл чарбасы өнүккөн талааларына алар биздин сууну пайдаланып, 8-10 млрд. пайда көрүшөт. Биз сууну сатышыбыз керек. Суу сактагычка капиталдык орто жана чакан акча берүүлөрү керек да. Биз сууну топтоп, кайра жай мезгилинде алардын талаасын камсыз кыла бергидей кимбиз?! Негизинен чоң үч суу сактагычты жаап койсок, алар аргасыз келишимге келишет. “Энергохолдингдин” жетекчилери өз алдынча келишим түзгөнү – бул чыккынчылык. Суу маселеси менен көп экономикалык көйгөйдү чечип келе жатканбыз. Кошуна мамлекет менен сый болуш крек. Бирок, алар ЕАЭБдин талаптарын аткарбаса, аргасыз суу сактагычтарды жабууга барышыбыз керек. Суу сактагычта 2020-21-жылдарга сууну топтоп алсак, электр энергиясы менен камсыздоодо көйгөй жаралбай, экономикабыз да илгерилейт. Бул жерде биздин өкмөттүн эле чечкиндүүлүгү жетишпей турат. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер