Кеңешбек Ырысов: “Мээ чайкалганда жакшы дарыланбаса, кийин акыл-эсинен айнып калат”

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) проректору, профессор-нейрохирург Кеңешбек Ырысов менен маек курдук.
-- Алгач мээ ооруларына токтолсоңуз. Адамдын мээсин ачып, аны операция жасоо өтө эле оор иш го. Тобокелдикке баргандан коркпойсузбу?
-- Коркпойм, бирок толкунданам. Ийгиликсиз операция болсо, оорулуунун колу же буту иштебей калышы мүмкүн. Мээге абдан кылдат мамиле жасоо керек. Мээ өтө эле назик жана көптөгөн кан тамырлар менен байланышта болот. Канатпай, тыкан операция жасоо зарыл. Операциядан соң ыйлаакчалар кайрадан өсүп чыкпаш үчүн химиялык заттар менен тазалайбыз. Ар бир оорулуунун мындан аркы баалуу өмүрү сенин колуңда турат.
-- Башка дарттар сыяктуу эле мээнин түркүн дарттары көбөйүп бараткансыйт...
-- Айрыкча мээ шишиги көбөйүп жатат. Дүйнө жүзү боюнча бул дарт эбегейсиз арбыды, бизде деле андан аз эмес. Мен өз колум менен ар жылы 40-50 операция жасап келем. Бул мээ ооруларынын көбөйгөнүнүн белгиси.
-- Мээнин чайкалышы канчалык коркунучтуу?
-- Азыр заманга байланыштуубу, кагышып, чабышып, мушташкандар көп. Автоунаалар көбөйгөндүктөн, жол кырсыгына кабылгандар андан арбыды. Ушулардын айынан ар кандай абалда мээсинен жараат алып келишет. Мээси чайкалгандар бул дартты жеңил катары түшүнүшөт. Кан басымы көтөрүлгөнгө, шишикке караганда, албетте, жеңилирээк. Бирок убагында жакшы дарыланбай, дарыгердин көзөмөлүндө болбосо, оор чайкалуунун айынан талма дартына чалдыгып, акыл-эси айнып калгандар кездешет. Эгер бала кичинекей кезинде жыгылса, же колдон түшүп кетсе, ошол бойдон дарыланбаса, 15-20 жылдан кийин ошол алган жараатынын запкысын тартат.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити