Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айдоочуларга жеңилдик шарт түзгөн “Унаа” мамлекеттик ишканасы

Айдоочуларга жеңилдик шарт түзгөн “Унаа” мамлекеттик ишканасы

14-октябрь, 12:44
837 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

7-октябрь күнү Лебединовка айылында “Унаа” мамлекеттик ишканасынын Бишкек шаардык айдоочулук курамды каттоо бөлүмүнүн салтанаттуу ачылышы болду. Ачылыш аземде аталган ишкананын директору Алымжан Козубаев ишкана имараты демөөрчүлөрдүн жардамы менен ачылганын айтып өттү. “Буга чейин бизде айдоочулар экзамен тапшырууда башка эле адам бирөөнүн ордуна экзамен тапшырган учурлар болсо, эми андай болбойт. Экзамен тапшыруу онлайн видеокөзөмөлдүн негизинде болуп, жарандын өздүгү камерадан тастыкталбаса, анда ал киши экзамен тапшыра албайт” деди. “Өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков быйылкы жылды “Санариптештирүү жылы” деп жарыялаган. Биздин ишкана да бул демилгени колдоп, кубаттоо иретинде ишкананы ишке киргизүүдө биринчи кезекте санариптештирүү жагы көңүлгө алынды. Заманбап санариптештирилген жабдыктар менен камсыздалды” деп кошумчалай кетти.


Токойбек ТЕНТЕКОВ, унаа айдоочулар мектебинин директору:

-- Бүгүн мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Унаа” ишканасынын Бишкек шаардык бөлүмү ачылып отурат. Буга чейин көп көйгөйлөр жаралып келген: айдоочулук күбөлүктү берүү менен унааларды каттоо бөлүмү биригип, адамдын көптүгүнөн башаламандыктар жаралып, түшүнүксүз жагдайлар болуп турчу. “Унаа” мекемесинин жаңы жетекчиси Алымжан Козубаев айдоочулук күбөлүктү берүү бөлүмүн өзүнчө бөлүп койду. Өзүңөр байкагандай, ишкана заманбап санариптештирилген жабдыктар менен камтылыптыр. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, шаардын автомектептердин жетекчилери көрүп, баардыгы менен жеринде таанышып, кубанып отурабыз. “Бара-бара көч түзөлөт” дегендей, коррупциялык схемалардын азайышына жол ачыларына көзүм жетип калды. Жаңы окуучулар бүтүп алып келгенде көп нерсеге кыжалат болушчу эле. Азыр андай кыжалатттык маселелер жаралбасына үмүт артып отурабыз. Жаңы жетекчиликтин бул алгы аракетин кубаттап, ишине ийгилик каалайбыз. Эми муну менен токтоп калбай, дагы ушундай бөлүмдөрдөн ачып, шаардагы ар бир төрт районго бирден ишкана ыроолоп койсо жаман болбос эле. Дагы бир жаңылык, мен ушул жаатта иштегениме 38 жыл болот. Союз тарагандан бери айдоочулук күбөлүктү берүү мекемелердин бир дагы автоунаасы болгон эмес. Жаңы жетекчилик бир автоунааны демөөрчүлөрдүн жардамы менен алып коюптур. Биздин бүтүрүүчүлөр ушул автоуна менен экзамен тапшырат деп ойлойбуз. 


Аскар БАЗАЕВ, бүтүрүүчү:

-- Баткен облусунун Лейлек районунан ордо калаага келип отурукташканыма бир аз жыл болду. Иштеген ишиме байланыштуу автомектепке тапшырган элем. Бүгүн экзамен берип чыктым. Азыр жообун күтүп атам. Экзамен тапшыруум бүгүнкү “Унаа” мамлекеттик ишкананын ачылышына туш болуп, бир чети толкунданып, бир чети кубанып отурам. Себеби, биринчилерден болуп айдоочунун күбөлүгүн ушул жерден алам деген үмүтүм бар. Ишкана заманбап жабдыктар менен камсыздалыптыр. Ыңгайлуу шарттар каралып, айдоочуга жеңил экен. Мурун автомектепти бүтүргөн айдоочулар көп эле ыңгайсыздыктарды айтып, бир топ буйдалышып, кээ бир окуучулар экзамен тапшыра турган жерди таппай, айдоочу күбөлүктөрүн албай калган жагдайларын уккам. “Лебединовка айылы, Победа проспектиси, 121 “Б”. Мындайча айтканда, Жибек Жолу көчөсүн улай жолдун эле нугунда, Лебединовка айыл өкмөтүнүн жанында” дегенде бат эле таап келдим. 


Адылбек РЫСКЕЛДИЕВ, “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн башчысы:

-- Буга чейин транспорт каражаттарын каттоо жана айдоочулук курамды каттоо бөлүмдөрү бир жайда болуп келген. Өзүбүздүн имаратыбыз кичине болгондуктан канча жылдан бери ушул нерсени күткөнбүз, жакшы жышаан. Өзүңүздөр билгендей, Кыргызстанда транспорт каражаттары көбөйгөндүгүнө байланыштуу бизге келген жарандардын саны да өсүп келет. Алар имаратыбызга батпай калган учурлар болуп, бир топ эле ыңгайсыздыктар катталып турчу. Мындайча айтканда, чоң көйгөй эле. Бүгүн айдоочулук курамды каттоо бөлүмүн өзүнчө бөлүп көчүрдүк, ыжылдап-быжылдбай жыргап эле калдык. Мындан ары айдоочулук күбөлүктү алганы келген жарандар баардык шарттары каралган, заманбап санариптешкен жабдыктары камтылган имараттын ичинде өзүн абдан ыңгайлуу сезип, тийешелүү кызматыбызды көрө алат деген ишеним бар.       


"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер