Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Рита Карасартова: “Болгон күчүм менен президенттик башкарууга каршы иштейм”

Рита Карасартова: “Болгон күчүм менен президенттик башкарууга каршы иштейм”

31-декабрь, 23:55
3 960 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Парламенттик башкаруунун жактоочусу катары айтсаңыз, бүгүн жалпы коомдун аң-сезими ал система менен жашоого даярбы?

-- Биз илгертен парламентаризмдин алкагында жашап келгенбиз. Биздин ата-бабаларыбыз кеңешип кескен бармак оорубайт деп келишкен. Парламент  бул чоң жыйын, курултай. Жергиликтүү кеңеш – кичи жыйын, курултай. Тескерисинче, ушул талаштуу ыкманы ишке ашырып, дүйнө жүзүнө эң акыйкат башкарууну сунуштаган кыргыздар болушу абзел.

-- Сиздерге чет өлкөнүн буйругун аткарууда деген дооматтар көп айтылат. Мындай сөздөр жөн жерден чыга бербесе керек?

-- Албетте, жөн жерден чыкпайт. Бул биз бийликке ачуу чындыкты дайым бетине айтып турганыбызга байланыштуу. Кайсы бийлик тактыга келбесин, бизди башка өлкөдөн каржылоо алып, башка бирөөнүн буйуртмасын аткарат деп келишет. Мисалы, мен бир жыл мурун мамлекеттик кызматка кеткем. Беш айдан бери ал жерден баса берип, саясатта жүрөм, жумушсузмун. Бирок, дагы деле НПОщник аттан кетелекмин. Бийлик өзү түрмөдө отурганда, бизге, ачык ММКларга муктаж. Бийликке келгенде, биз душман, эркин ММК – жалганчы болуп чыга келет.

-- Референдумда президенттик башкаруу системасы тандалып алынса, сиздердин кийинки кадамдарыңыздар кандай болот?

-- Президенттик башкаруу келет десе, анда ошол жолду дагы басып өтүшүбүз керек болот. Аргасыздык. Бирок, мен болгон күчүмдү андай болбошуна жумшайм.

-- Садыр Жапаровдун айткан сөздөрү бири-бирине каршы келип атканын да айтып келесиз. Анын бул кадамдарын эмне менен байланыштырасыз?

-- Популизм ар бир кыргызстандыктын жүрөгүнө жакын. Анткени элибиз өз күчүнө ишенбей, “бир адам келип жашоону оңдоп кетсе” деп күтөт экен. Ошондуктан саясатчылар тоону убадалап, шайлоочуларынын жүрөгүнө жакындаганга аракет кылышат. Бирок, билген кишиге эмне ишке ашат, эмне ашпайт дароо эле белгилүү. Ошондуктан, билим берүү тармагынын сапатын көтөрсөк, алдангандар азаят. Популизмдин аркасы менен алдыга чыккандар дагы суюлмак. Бул Садыр Жапаровдун бийликке келүү эле аракети болууда. Анын 80% демилгелери системдүү оңолууга алып келбейт. Тескеринче, тегерек-четиндегилерге коррупцияга малынганга шарт түзөт...


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер