Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Балдарымды алдап, кайненеме таштасам... Мигранттын аялы болгон азап экен

Балдарымды алдап, кайненеме таштасам... Мигранттын аялы болгон азап экен

17-ноябрь, 12:29
1 306 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мен тажрыйбалуу адамдардан кеңеш алгым келет. Күйөөм “Москвага иштейм” деп кеткенине бир жыл болот. Төрт балабыз бар. Кичинекейибиз боюмда барында кеткен. Төрөп, тыңыбай, аябай стресс болдум. Ал Москвада болгону менен тыңгылыктуу акча салбайт. Карантинде кетип, кыйратып иштеген деле жок. “Кел” десем, “акча табайын” дейт. Мен бара албайм, балам кичинекей. Бир жагынан жокчулук, бир жагынан төрт балага ата да, эне да болуш оор экен. Аябай кыйналып кеттим. 

Күйөөм күйдүрүп бүтмөй болду. Ошон үчүн баламды алып, күйөөмдүн жанына барууга айла издейм. Кандай документ даярдаш керек, барып жүргөндөр, айтып койгулачы? Араң эле жүрөм. Чоңураак балдарымды эптеп алдап кайненеме таштаганы жатам. Ии, анан да өзү араң жүрүп күйөөм күндө пиво ичип, квартирадагы кыздар менен эле көңүл ачып отурат. Видеочалуу кылганда көрөм да, ал үчүн жашоо керемет эле. Биздин кыйналганыбыздын бирин билбейт. Муңгкана берип, чүнчүп кеттим...

Гүлай

Aryba.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер