Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Ыйман Нуру” парламентке адашып эле өтүп калдыбы?

“Ыйман Нуру” парламентке адашып эле өтүп калдыбы?

10-декабрь, 09:30
1 621 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Албетте, кайсы бир деңгээлде шайлоонун таза өткөнү бааланууда. Мурдагы аламан жарыштардай кантип болсун? Ошентсе да, айрым түшүнбөстүктөр айтылып, талкууланып бүтө элек. Мисалы, “Ыйман Нуру” партиясынан Султанбай Айжигитов талапкер катары Баткенден иштеп, негизинен добуштарды Ат-Башы менен Тоң районунан алганы кандай? Сервер адашканбы, же шайлоочулар партиянын тизмесин белгилөөдө ката кетиришкенби? Ушул жагынан саясый элитада күлкү келерлик сөздөр козуп кетти. Негизи эле “Ыйман Нуру” кантип парламентке өттү? Электораты жокко эсе, каражаттары чектелүү, бирок 5 пайыздык босогодон секирик жасашты. Күмөн саноолор арбын. Лидери Нуржигит Кадырбеков канчалык тили менен буудай кууруса да, ийгилик жылмаймак эмес. Же “Ата Мекен”, “Азаттык” сыяктуу “коркунучтуу” партиялар өткүчө, элпек балдардын, чалдардын Жогорку Кеңешке келүүсү үчүн “жашыл жарык” күйдүбү? Диний идеологияны көкүрөктөрүнө катып жүрүшкөн “ыйманчылар” акыры мамлекетибизге кара көлөкөсүн түшүрүшпөйбү? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер