Акыркы кабарлар
» Саясат » Депутат Алиярбек Абжалиев былык иштерин “жең ичинен” бүтүрүп алабы?
Депутат Алиярбек Абжалиев былык иштерин “жең ичинен” бүтүрүп алабы?
18-февраль, 10:26


Буга чейин Сооронбай Жээнбековдун кудасы Алиярбек Абжалиевдин кыңыр иштери талкууланып келген. Ал өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп, олигархка айланганын кайда жашырабыз? Кайыңды кабель заводун Алиярбек Абжалиев мурунку жубайы Гүлсара Сулайманова аркылуу ээлеп алышканын “Политклиника” сайты иликтеп чыкты. Мындан сырткары, жер аянттары, имарат, үй мүлктөрү боюнча да ЖМКларга чыгып келет. Учурда коомчулук күтүп атат, бирок күч органдары тарабынан аракеттер жок. Бийлик коррупцияга каршы адилеттүү күрөш жүргүзсө, мурдагы бажычы, учурдагы депутат Алиярбек Абжалиев да кылтакка илинип, камалып кетеби, же “кусуп” кутулабы? А балким “жең ичинен” былыктарын бүтүрүп алабы?..
"Азия Ньюс" гезити











