Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Күнүмдүк наны үчүн кара жанын сабагандар...

Күнүмдүк наны үчүн кара жанын сабагандар...

19-июль, 12:33
938 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кышты кыштай, жайды жайлай, Кудайдын ар бир куттуу күнүндө Маевканын объездинде (кольцовая) 20-30 адам үймөлөктөшүп отурушат. Аларды бороон-чапкын, жаан-чачын, жадагалса коронавирус да коркута албайт. Анткени, бул адамдар күнүмдүк нанын таап, үй-бүлөсүн багуусу зарыл. Күндө жумуш издеп бул жерге чогулушат. Киши көп, бирок акчасын төлөп иштетүүчүлөр аз. Ошондуктан жанталашыш керек, ким озсо, жутунса, бүгүнкү жумушка ээ болот. Жарыбаган акча үчүн баардык жумуштун түрүн кылып берүүгө даяр, себеби аларда башка жол жок. Үйүндө аларды ачка күтүп жатышат, үмүт менен... 


“Жумуш жок болуп калган күндөрү ачка калабыз”

14-15 жаштагы Элиза, Нуриза – бир туугандар. Кыздар бул жакка күндө келип, ар түрдүү жумушка чыгышат. Ойносо оюнга тойбой турган убагында чоң кишинин жумушун жасап, үй-бүлөнүн жоопкерчилигин мотурайган кыздар тартышууда. 

-- Шаарда квартирада турабыз. Атам Москвага иштеп кеткен, бирок акча салбайт. Апам да ушундай күнүмдүк жумушта иштейт. Үчөөбүздүн тапкан акчабызга кичинекей бөбөктөрүбүздү багабыз, квартиранын акчасын төлөйбүз. 10 жашыбыздан бери каникулдарда иштейбиз. Баардык ишти кылганды билебиз. Талаа жумуштарын, үй жумуштарын жасайбыз. Баарынан эркектин ишин кылган бизге кыйын. Түрдүү адамдарга кездешебиз. Кээде иштетип, акчасын толук төлөбөй койгондор да болот. Жумуш жок болуп калган күндөрү наныбыз жок ачка калабыз.


“Акча алганда үй-бүлөбүздүн кубанычы көз алдыбызга тартылат”

Өзүн Бакыт деп тааныштырган каарманыбыз жогорку билимдин ээси, кесиби боюнча финансист-экономист. Бирок минтип жумушсуздуктун айынан күнүмдүк акчасын табуу үчүн бул жерде жүрөт. 

-- Адамдар мындай кыйын жумушка жөн жерден келишпейт. Бала-чакасын, үй-бүлөсүн багалы деп жүрүшөт. Биз деле башкаларчылап балдарыбызды эч нерседен кем кылбай чоңойтууну ойлойбуз. Алар кыялданган оюнчукту, жегиси келген тамакты, таттууларды алып бергибиз келет. Кечке чейин жан үрөп иштеп, акчабызды колго алганда, үй-бүлөбүздүн кубанычы көз алдыбызга тартылат. Канчалык чарчап-чаалыксак да, күндө жумушка чыгышыбыз керек. Кол куушуруп, бөлөктөрдөн үмүт кылып отурсак, бизге эч ким аш салып бербейт да... 

                                                         

“Бул жерде иштегенимди балдарым билбейт”

Жашы 60ты аралаган апа аркы четте ойлуу, бир жерди телмире тиктеп отуруптур. Көргөн көзүмө ишенген жокмун. “Ушундай оор жумушта апа кантип иштейт, кыйналып калбайбы?” дедим ичимен. Бели бекчейип, жүзүн бырыш басып, карылыктын доорун сүрүп жаткан ата-апаларыбыз бул жерде эмне кылып жүрүшөт? Алардын орду төрдө чай ичип, небере-чөбөрөлөрүн эркелетип отуруу эле го...

-- Балдарым үйлөнүп-жайланган. Алар менин бул жерде иштегенимди билишпейт.  Кызымдын баласы колумда, ошол неберемди багуу үчүн иштегенге туура келди. Эч кыйналбайм, өмүр бою жасап жүргөн жумуш да. Баарынан балдарга боорум ооруйт, бели катый элек өспүрүмдөр иштеп жүрүшөт. Аларга кыйын...


КР эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, 2020-жылы расмий түрдө катталган жумушсуздардын саны 78,6 миң адамды түздү. Бул жөн гана кадимки сандар. Бирок тереңирээк ойлоп көрсөк, канча кыргызстандык жумушсуздуктан, күнүмдүк нанга жетпей кыйналып жүрүшөт?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер