Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Канатбек Исаевдин эжесин, агасын жумуштан алышты. Саясый куугунтук башталды!

Канатбек Исаевдин эжесин, агасын жумуштан алышты. Саясый куугунтук башталды!

19-ноябрь, 14:30
6 162 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев президенттик шайлоого чыгары маалым болгондон кийин эле бийлик тарабынан куугунтуктар башталыптыр. Албетте, учурдагы мыкчыгерлер өзүнө даай алышпай, Токмоктогу башкы дарыгер эжесин эч негизсиз жумуштан кетиришип, ал аз келгенсип агасы Талант Исаевди ИИМден бошотуп салышканын кандайча түшүнөбүз? Бул факт!

Бийлик эски режимдердин катачылыктарынан сабак албай, баягы “таз кейипти” кайталап жатканы өкүнүчтүү. Дүйнөлүк эрежелерден алсак да, бир туугандар бири-бири үчүн жооп бербейт эмеспи. Кыргызбайчасынан кетүүнү токтотпойлубу? Дагы бир жагдай, Канатбек Исаевдин туугандарынан сырткары, досторун, жакын адамдарын да кысымга алууга, ар кандай ыкмалар менен андан алыстатууга аракеттер көрүлүп жатыптыр.

Тескерисинче, оппонентти татыктуу түрдө кабыл алып, идеялардын жарышы, демилге, акыл-эс аркылуу таймашууга өтүшсө болбойт беле? Эски амалдарга малынып, эл аралык тажрыйбадагы атаандашууга чыга албасак, аягы жакшы бүтпөй калат го... 

Эске салсак, Канатбек Исаев саясый куугунтуктарды Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда көргөн. Ачык күрөшүп, оор сыноону баштан кечирип, сынган эмес. Кайра чыйралып, жогорку деңгээлдеги саясатчылардын катарын толуктады. Демек, бул жолу да артка кайтпайт. Оппозициялык кадамы, курч маанайдагы сын-пикирлери менен чыгарын эшиттик. 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер