Турсунбек Акун, укук коргоочу: “Карапайым элибиз сабырдуулук кылып турушат”


-- Турсунбек агай, учурдагы парламентке кандай баа бересиз?
-- Бул Жогорку Кеңеш аман эле болсун. Кандай өзгөрүүлөр болсо да, бул бийлик турганда депутаттар жөн гана каттоо жүргүзгөн госрегистрдин ролун аткарып калды. Мындай алсыз, начар парламент Кыргызстандын тарыхында болгон эмес.
-- Биздеги саясый элита, интеллигенция эмнеге өлкөдөгү абал боюнча ойлорун айтышпайт? Ал эми аксакалдар барбы? Акыл-насааттарын укпайбыз го?..
-- Андайлар бар болчу. Анан алардын көбүн негизсиз камагандан кийин башкалар коркушуп, башын катып калышты. Ошентип элита да, интеллигенция да калбады. Ал эми аксакалдар аман эле болушсун. Аларды Акүйгө чакырып, тамак берип, мааракесин өткөрүп, сыйлык берип койсо эле бийликтин ырын ырдап калышат.
Бирок кыргыз деген калдайган улутубуз, тайманбаган карапайым элибиз бар. Алар дымып, сабырдуулук кылып турушат. Эгер бийлик кызыл сызыктан чыгып кетсе, өздөрүнө эле оор болуп каларын эч качан эсинен чыгарбашы керек.
"Азия Ньюс" гезити










