Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мирлан Орозбаев: “Биздеги оппозиция бийликти бир тараптуу шыбагандар...”

Мирлан Орозбаев: “Биздеги оппозиция бийликти бир тараптуу шыбагандар...”

25-март, 18:14
578 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Мирлан мырза, өлбөгөн жанга жаз келди. Бул учурда бизде көп жылдардан бери келаткан көнүмүш адат бар эмеспи, оппозициялык маанайдагы саясатчылар, жарандык активисттер бийликке болгон сын көз караштарын билдирип, митинг, пикет уюштурмай. Бу жолу негедир тынч сыяктанат?..

-- Жалпыбызга маалым болгондой, азыркы бийлик башында тургандар учурдагы өзүн “оппозициямын” деген адамдар менен бир сыйра күрөштөрдү жүргүзүп, кепке келчүсү менен келишип, жайбаракат жашоого өтө башташты. 

-- Ошондо кимдер менен кепке келишти?

-- Аларга мисал катары, ар дайым, кайсы гана бийлик келбесин оппозиция символу болуп жүргөн Өмүрбек Текебаевди Германияга куугунтук өңүтүндө эмес, элчи катары жибергенин айтсак болот. Андан кийин эле Адахан Мадумаровго иш козголду. Учурда көптөгөн түшүнүксүз жагдайлардан улам бийликке тике сүйлөп, тиш кайрай турган оппозициялык маанайдагы адамдар эмне кыларын билбей, айла-амалдары кетип атканы сыңары. Бирок, табигаттын мыйзамына эч ким каршы тура алган эмес, демек, оппозициянын башы эртедир-кечтир көрүнөт. Учурдун талабына ылайык жаңылануу процесси жүрүп жатканын байкасак болот. 

-- “Жаңылануу” деп кеттиң, бул эми кандай кадамдар?

-- Бийликтегилер илгеркилерден жадап, жаңы адамдардан куралып атпайбы. Анын сыңарындай, оппозиция “армиясы” да жаңылар менен абдан тездикте пайда болот. 

-- Түшүндүк, эми өзүңдү айтчы?

-- Эмне себептен “оппозициямын” деп айтпай атканымдын себеби, аларга өтүп алгандар бийликтин жакшы жагын көргүсү келишпей, бир тараптуу шыбагандар деп билем. Мен мындайдан алысмын. Ошол эле учурда “позициядамын” деп да айта албайм. Бийликтин туура эмес жасап жаткандарына көз жумуп, бир беткей мактоого өткөндөргө кошулбайм. Жаңы муундагы саясатчы катары коомдогу болуп аткан терс көрүнүштөрдү терстей, мактоого татыктууну мактап, болгонун болгондой айткан адаммын...                    


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер