Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Элчи Эдил Байсалов экономикалык кризистен чыгуу сунушун билдирди

Элчи Эдил Байсалов экономикалык кризистен чыгуу сунушун билдирди

30-апрель, 19:00
984 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Экономиканы көтөрүү боюнча узак мөөнөттүү жаңы стратегияны талкуулоо жүрүшүндө Кыргызстандын Улуу Британиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Эдил Байсалов экономикалык кризистен чыгуу боюнча өзүнүн сунуштары менен бөлүштү.  

Анын айтымында, дүйнөлүк базарда нефтинин кунунун түшүшү, андан улам мигранттар которгон акчанын кыскарышы, алдыда Кумтөрдүн жабылышынан улуттук экономиканы глобалдык пандемия болбогон учурда да оор мезгилдер күтүп турган. Андыктан түбү жок идеологиялык талаштардан, экономиканы өстүрүү боюнча эскирген рецептерден баш тартуу керек экенин билдирди. “Эгер биз мурда кездешпеген кыйынчылыктарга туш келсек, андан чыгуунун жолу да жаңы жана креативдүү болушу шарт. Глобалдык экономика калкып турган чакта – жарактан чыккан китептерди барактап, 1970-жылдардагы эскирген индустриялдык экономиканын нормаларына негизделген дискуссияга түшчү убакыт эмес”, - деп эсептейт. 

Эдил Байсалов калкты жумуш менен камсыз кылган массалык программаларды коё берүүнү сунуш кылат. Акы төлөнүүчү коомдук жумушка күнүнө 3-5 миллион адам тартылып, алар каналдарды казуу-тазалоо, жер иштетүү, мектеп-оорукана ремонттоо, айыл-чарба курулуштары, кабел тартуу, туристтик маршруттарды ыңгайлаштыруу ж.б. эмгек жолу менен алектениши керектигин айтты. Ошондой эле мамлекет бизнеске жаңы кредит берүүдөн тышкары салык каникулун киргизүү, каникул учурундагы төлөмдү кийинкиге жылдырбастан толук кечүү, кредиттерди реструктуризация кылуу боюнча активдүү аракет көрүүгө чакырат. Эдил Байсалов атамекендик бизнеске кредит берүүнүн моделин карап чыгып, мамлекет экономиканын приоритеттүү тармактарына, конкреттүү проекттерге кредит таратуу ишин өз колуна алышы керектигин баса белгилейт. 

Мамлекеттик программаны ишке ашырууда приоритеттүү максат катары адамдын өнүгүү индикаторун алууну сунуш кылат. ИДПнын негизги бөлүгү четтеги мигранттар которгон акчадан жана 1/4 бөлүгү биз ээлик кылган Кумтөрдүн алтынынан көз каранды болуп турган шартта – бул көрсөткүч улуттун байлыгы боло алабы?! Эртең көпчүлүк карапайым эл итке минген абалда турса да, ИДП бир байдын эсебинен өсүүсү мүмкүн жана бийлик аны ийгилик катары көрсөтөт. Бизге андайдын кереги жок! 

Лондондогу кыргыз элчиси саясатчыларга мамлекетти башкаруунун модели тууралуу баш-аягы жок талаш-тартыштарды токтотуп, эне-баланын өлүмүн азайтуу, мектептеги билим берүүнүн сапатын жогорулатуу сыяктуу маселелерди чечүүнүн жолдорун шайлоочуларга сунуштоого чакырат.

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер