Акыркы кабарлар
» Коом » Арсланбек Кененбаев: “Батыш тарап Кыргызстанга да санкцияларды салышы мүмкүн”
Арсланбек Кененбаев: “Батыш тарап Кыргызстанга да санкцияларды салышы мүмкүн”
06-июнь, 09:00
577 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌-- Банктарга болгон санкциялардын кооптуулугу жаралууда. Бул оор абалдан кандай жол тапса болот?
-- Ооба, азыр оор абал жаралып турганы чын. Бир жагынан Россия менен Евразиялык биримдикте турабыз. Ал гана эмес салык системабыз бир, ошондуктан интеграция абдан күчтүү. Аныгында, биз Россиянын бир экономикалык субъектиси болуудабыз. Мындан эч кайда кача албайбыз. Экинчи жагынан алганда, Евробиримдик менен АКШдан санкциялар аркылуу басым болуп жатат. Ошол себептен, биздин банктар этият болуп иштеши керек. Банктарда каталар боло берет, аларды Улуттук банк менен финчалгын кызматы карайт. Балким, Кыргызстанга да санкцияларды салышы мүмкүн. Ал эми башка тарабынан карасак, Европа менен АКШ биз Россия менен биримдикте турганыбызды, бизде башка жол жок экенин түшүнөт да..."Азия Ньюс" гезити