Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » БШК Конституция тууралуу референдумдун жыйынтыгын чыгарды

БШК Конституция тууралуу референдумдун жыйынтыгын чыгарды

03-май, 16:46
671 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 30-апрелде жыйынга чогулуп, Конституция тууралуу референдумдун жыйынтыгын бекитти. Ага ылайык, 21 шайлоо комиссиясындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды.
БШКнын маалыматына караганда, референдумга добуш берчү жарандардын жалпы саны 3 606 201ди түзгөн. 
Анын 36,66%ы(1 322 124) шайлоого катышкан. Добуш бергендердин 79,32%ы(1 048 660) Кыргызстанда президенттик башкаруу системасын кайра орното турган Конституциянын долбоорун колдогон. Калган 13,72%ы(181 370) каршы добуш берген.

БШК референдумдун жыйынтыгы тууралуу токтомун президентке, Жогорку Кеңештин төрагасына жана “Эркин-Тоо” гезитине жарыялоо үчүн жөнөттү. Буга чейин жаңы Башмыйзам кабыл алынса, бийликтин бир колго топтолушуна жол ачат деген сын-доомат айтылган. Конституциялык реформаны жактагандар Кыргызстанда 10-январдагы референдумда шайлоочулардын 80% президенттик башкаруу системасын колдошконун, ага жараша жаңы Башмыйзам иштелип чыкканын белгилеп келишет. Кыргызстанда 11-апрелде Конституция тууралуу референдум менен кошо жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөн.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер