Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аскар Сыдыков: “Инвестициянын чыгышына саясый экономикалык туруктуулук таасир этет”

Аскар Сыдыков: “Инвестициянын чыгышына саясый экономикалык туруктуулук таасир этет”

19-ноябрь, 12:00
368 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эл аралык ишкердик кеңешинин төрагасы менен маек.

Кыргызстанга быйылкы жылдын алгачкы алты айында 628 миллион доллар инвестиция кирип, 483 миллион доллар чыгып кеткен. Министрлер кабинети өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн баардык шарттарды түзүп, салык саясатын ачык-айкын жүргүзүп жатканын билдирүүдө. Ишкерлер өлкөдө сот системасы көз карандысыз болмоюнча бизнес чет жакка агыла берерин бир ооздон белгилейт.

-- Инвестициянын өлкөдөн чыгышына негиз болгон кандай себептер бар?

-- Өлкөдөгү жалпы эле саясый экономикалык туруктуулук таасир этет. Андан кийин коррупция, ишкерлерге болгон басым-кысым жана коопсуздук. “Менин мүлкүмө кол салынышы мүмкүн” деген ишкерлер капиталын сыртка алып чыгат. Бул чет жактан келген эле инвесторлорго тийешелүү эмес. Биздин тааныштар, тууган-туушкандарыбыз деле “бизнесибизди Казакстанга, Түркияга, Араб өлкөлөрүнө алып кетип атабыз” деп айтып калышат. Себеби, акчанын улуту жок. Кайсы жерде туруктуулук болсо, оюндун эрежеси так аныкталса, ошол жерге кете берет. Бирок шарттарды жакшыртып, чыгып кеткен каражатты кайра кайтарып алганга да мүмкүнчүлүк бар. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер