Акыркы кабарлар
22:58
» Коом » Көбөйө баштады. Өткөн жумада 48 адамдан COVID-19 илдети аныкталды
Көбөйө баштады. Өткөн жумада 48 адамдан COVID-19 илдети аныкталды
04-июль, 18:00

Кыргызстанда өткөн жума ичинде 48 адамдан COVID-19 илдети аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан Телеграм каналында жарыяланды.
Штабдын статистикасына ылайык, алардын ичинен үчөө ооруканага жаткырылган. Абалдары орто. Аныкталган учурлардын арасында 9у сырттан (ред., Россия, Түркия, Өзбекстан, АКШ) келгендер.
Аймактар боюнча бөлүнүшү:
Бишкек шаары– 43
Чүй облусу – 4
Ош шаары – 1
COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө 201 101 адам аталган инфекцияны жугузган.
Эскерте кетсек, өткөн жумада илдет аныкталгандар мурунку жумага салыштырмалуу 19 учурга көп болгон.