Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Москвадан тапкан күйөөмдүн биринчи аялы менен сырдашып, ойго баттым

Москвадан тапкан күйөөмдүн биринчи аялы менен сырдашып, ойго баттым

11-октябрь, 06:40
2 089 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Биринчи турмушум жакшы болбой, эки айдан кийин ажырашып кеткенбиз. Бишкекте иштеп жүрүп, кийин Москвага кетип калгам. Ал жакта беш жыл иштедим. Жердештер чогулган жерге кээде барып калчумун. Ошондой күндөрдүн биринде бир жигит менен таанышып калдым. Көпкө чейин артыман чуркап жүрдү, акыры турмуш курдук. Ал буга чейин үйлөнбөгөнүн айтып калчу. Ошондо мен өзүмдү бузулган адамдай сезип, оюмду ичиме катып калат элем. Үч жылга айланып, жашообуз сонун уланып атты. Уулдуу, кыздуу болдук. Мени иштетпей, баарын камсыздап бакты. Бул учурда кайненем келип кетти. Бирок көпкө турбады. Ичиндеги сырын айтпай, көп нерсени кымтып кеткендей болду. 

Анан эле эки айга жетпей кыргызстандык белгисиз номер чалып калды. Алсам аял киши. Көрсө, ал күйөөмдүн аялы экен. Андан беш баласы бар, алардын улуусу студент болуптур. Ушунчалык жаман болдум. Кыйын аял экен. Мени менен урушпай ачык сүйлөштү. Көрсө, анын үстүнөн айтпай алган мен эле эмес, мага чейин да бирөөнү алып, андан бир уулу бар тура. Экөөбүздүн ортобузда бул сүйлөшүү сыр бойдон калды. “Балдарым бир аз чоңоюп, иштегенге жарап калганда айтам” деп ичимде катып жашап келем...


Анара 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер