Улукбек Марипов: “Студенттердин окуу акысына арзандатуу болот”
Премьер-министр Улукбек Марипов бүгүн социалдык баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, студенттердин окуу акысы боюнча маселелер кайра каралып жаткандыгын билдирди. Анын айтымында, ЖОЖдордун жетекчилери окуу акысына 1000 сомдой эле жеңилдик берип койгон.
“Студенттердин контрагы боюнча президентибиз Садыр Нургожоевич тапшырма койгон. Бул боюнча азыр иш алып барып жатабыз. Туура, 2020-жылы ЖОЖдор, мектептер көбүнесе онлайн режиминде окуду. Бүгүнкү күндө деле онлайн режиминде окуп жаткан ЖОЖдор бар, ошого байланыштуу студенттердин контрагына жеңилдик берүү маселесин ЖОЖдордун жетекчилери карап чыгыптыр. Бирок болгону 1000 сомдой эле жеңилдик каралыптыр. Биз буга макул эмеспиз, учурда башка жолдорун, механизмдерин карап жатабыз. Бул боюнча жакынкы күндөрү чечим алабыз” деп билдирди Марипов.