Бакиевдин жардамчысы Алтынбек Эргешов нарындыктарды басынта береби?


7-апрель календарда кызыл күн катары белгиленип, өзгөчө орду бар эле. Шейит кеткен балдарды эскерүү, Бакиевдерди жек көрүү (!) дегендей. Бишкекте, Таласта ж.б. аймактарда 7-апрель элдик революция күнү катары белгиленип, баатырларга гүл коюлду. Бир гана Теңир-Тоодо жергиликтүү бийлик далысын салды. Кандайча? Эмесе, азыноолак эскертели. Көтөрүлүштүн башаты Нарындан башталган да. Кыштын суугуна карашпай жергиликтүү эл байма-бай аянтка чыгышып, нааразычылык акцияларын күчөтүшкөнү эсибизде. Роза Отунбаева, Азимбек Бекназаров, Алмамбет Шыкмаматов баштаган оппозиция лидерлери барып турушкан... Эми карасаң, Нарын облусунун губернатору Алтынбек Эргешов облустук деңгээлде иш-чара өткөрбөй койду. Бир кезде Курманбек Бакиевдин жардамчысы болгону, ошол 7-апрель күнү Акүйдөн чогуу качышканына ичи ачышып, кектеген кербезиби? Анан кечээги “жүгүрүктөрү” баш көтөрүшүп жатышса, элдик революцияны уруп ойношмок беле? Алтынбек Эргешов ушинтип нарындыктарды басынта береби? Бара-бара булар баарын булгашканы калышты окшойт...
"Азия Ньюс" гезити











