Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кара-Суу районун артка тарткан Тилек Өмүралиевдин чабалдыгы

Кара-Суу районун артка тарткан Тилек Өмүралиевдин чабалдыгы

21-октябрь, 13:31
600 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ушундай. Кара-Суу РИИБнин начальниги Тилек Өмүралиев ишенимди актай албай, аксап келет. Соңку убактагы базар чырына көзөмөл кылууга шаасы жетпей, коомдук коопсуздук абалды ойдогудай камсыздай албаганы байкалды. Кыраакы эмес тура. Кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө да үлгү көрсөтө албады. Айрым оор кылмыштар ачылбай турат. Бул эргулга Кара-Суу району чоңдук кылат экен. Баш-аягын таба албай, Ош ОИИБге да сөз тийгизүүдө. Облустук жетекчилик чабал кадрды жумуштан ала албайт. Себеби, Тилек Өмүралиевдин “крышасы” борбордо. Ошентип, ыргылжың, асыресе, ыңгайсыз абал түзүлүүдө. Мындай кадрды “жел тегирмендей” эле үйлөп салсаң кана? Негизи облустук жетекчилерге район башчыларын тескөөгө, аларды иштен кетирүүгө ыйгарым укуктары берилсе, бат эле тартип орномок. Балээнин баары мына ушундай билинбеген, бирок өтө маанилүү маселеде жатат эмеспи. Кыскасы, Өмүралиев Кара-Суу районун артка тартып, аксатып атканы жергиликтүү тургундар арасында кызуу талкууга алынууда. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер