Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Түпкү мааниси эмнеде? Аида айым ажону колдоп чыкты

Түпкү мааниси эмнеде? Аида айым ажону колдоп чыкты

01-июнь, 14:20
622 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     “Бир кезде, мен Башкы прокурор болуп иштеп турганда, өлкөнүн азыркы Президенти кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

     Жылдар өттү.

     Менин оюмда бүгүн кайсы бир кызматка барсам дагы, президент Садыр Нургожоевич буга каршы болот деп ойлогом. Таң калтырганы анын эски таарынычтарды эстебей, мени колдогону болду. 

     Көптөр буга ишене алышпайт. Мен өзүм да көпкө чейин ишенген жокмун. Анткени мен өз позициямдан эч качан тайган эмесмин.

Өлкөнүн кызыкчылыктарын эски чыр-чатактардан жогору коё алган адамдын аракети катары, мен бул кадамды өзгөчө чын жүрөктөн кабыл алдым.

Бул чындап эле күчтүү шахматтык жүрүшкө окшош.

Саясый маданияттын жана мамлекеттик ой жүгүртүүнүн жаңы деңгээлин орноткон жүрүш.

Менин оюмча, бул, баарынан мурда, Президенттин өлкөнү өзгөрткүсү келип жатканынын, жаңы күн тартибин, жаңы баалуулуктарды калыптандырууга – бири-бирибизди угуу жана өлкөнүн келечеги үчүн баарыбызды бириктирүүгө болгон каалоосунун белгиси.

Мен бул ишенимди өлкө жана жаңы муун алдындагы чоң жоопкерчилик катары кабыл алам”, - деп Аида Салянова пост жазыптыр. 

P.S. Эмне үчүн ажо төрт же беш жыл мурун эмес, азыр кабыл алып атат? Аида айым, ушул боюнча ойлондуңузбу? Буга терең деле акылдын кереги жок, тек гана азыркы абал башка... Реалдуулуктан алганда, беш жарым жыл зарыга күтүп, соңку жолугушуунун мааниси КР шахмат федерациясынын президенттиги менен чектелдиби? Дагы көп суроолордун жандырмагы чечиле элек. 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер