Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Райым МАТРАИМОВ: “Мен өлкөмө кайтып келүүнү чечтим, суроолорго жооп берем...”

Райым МАТРАИМОВ: “Мен өлкөмө кайтып келүүнү чечтим, суроолорго жооп берем...”

24-ноябрь, 21:11
1 779 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өлкөдөгү соңку көрүнүштөргө карата Райым Матраимов билдирүү таратып, өзүнүн чындыгын жарыялады. Натыйжада, удургуган ушактар да басылыш керек го?..
 
“Урматтуу замандаштар!

Өзүңүздөр көрүп тургандай, акыркы эки жылдан бери кайсы бир саясый топтор мени каралоо максатында түрдүү божомолдорду, ар кандай жалган маалыматтарды таратып келди. Мунун баарына качандыр бир чекит коюлат деп ойлоп жүргөм. Бирок акыркы жети ай ичинде бул каралоо акциясы башка деңгээлге чыкты. Айрым журналисттер ошол саясый топтордун куралына айланып, кечээ мени өлкөдөгү баардык экономикалык проблемалардын себеби катары сыпатташса, бүгүн ойго келбес, кечирилгис кылмыштарды мага шылтап, жалган жалаа жабууга өтүштү.

Мени кызмат ордума кайра коюу боюнча сот чечиминен соң, өз каалоом менен бажы кызматына кайра барбоону чечкем жана тынч жашоо максатында бизнес менен алектенейин деп чет өлкөгө кеткен элем. Ошентип сыртта жүргөн учурда мени каралоо акциясына бейөкмөт, коомдук уюмдарды да кошууга үлгүрүшүптүр. Ошол саясый топтор эми жаштарды жана өз өлкөсү үчүн күйгөн жарандарды азгыруу аркылуу аларды саясатта курал катары колдонуп жатышат.

А мен тууралуу “Азаттык” айтып жаткан маалыматтардын баары жалган жана иш-аракеттери туура эмес. Мен өзүмдүн ал иштерге тиешелүү эмес экенимди кайсы жерде болбосун далилдей алам.

Жалган жалаа, калп маалыматтарды таратуу аркылуу мени курулай жаман көрсөтүү аракетинен улам коомчулукта азыр мага байланыштуу ар кыл пикирлер, уу-дуу кептер тарап кетти. Ушундан улам мен өз өлкөмө кайтып келүүнү чечтим. Мага байланышкан кандай суроо болсо, ошонун ичинде укук коргоо органдарында, мен жооп берүүгө даярмын”,-деп жазылган билдирүүдө.


Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер