Өнүккөн өлкөдө Медербек Сатыевдей кадр бир күн да иштемек эмес

“Мактаган кыз тойдо осурат” дейт. Анын сыңарындай, Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев сөгүш алды. Көрсө, түштүк регионун кыдырганда жергиликтүү судьяларга акча чогултуп, чардап-чордоп койгон экен. Бул боюнча коомчулукта чоң талкуулар жаралды. Себеби, Жогорку сот өзү баш болуп, тескери жорукту көрсөтүп атса, жең ичинен коррупция кылтыңдап турса, анан кайсы тазаланууну айтабыз? Мыйзамды бийик туткан мамлекетте Медербек Сатыевдей кадр токтоосуз түрдө отставкага кетмек. Башкаларга үлгү көрсөтмөк. А бизде, тилекке каршы, “убагында бири-бирибизге жардам бергенбиз, даканса турабыз” деген көрпендечилик уланып келүүдө. Ооба, өнүккөн өлкөлөрдө Сатыевдей кадр бир күн да иштемек эмес. Соттордун оңолбой атканы, коррупциянын күчөгөнү, адилетсиздик кулач жайганы, дегеле баардык көйгөйлөр сот системасында чегине жетип баратат го? “Ишенген кожоң сууга акса, алды алдынан тал карма” дегендей икаядан тажабайт окшойбуз.
"Азия Ньюс" гезити