Акыркы кабарлар
22:58
» Саясат » Байбачадай доор сүргөн Акимжан Муйбиллаевге кезек качан келет?
Байбачадай доор сүргөн Акимжан Муйбиллаевге кезек качан келет?
05-февраль, 20:07

Курманбек Бакиевдин кандуу режиминде Акимжан Муйбиллаев Финполду жетектеп, Максимдин буйругу менен бизнесмендерди, баш көтөргөндөрдү каалагандай кысып, доор сүргөн эле. Чиригенче байыган. Убагында жазасын алган эмес. “Мыйзамсыз баюу”, “Кызмат абалынан кыянаттык кылуу” беренелери дал ушул эргулга төп келеби? Учурда каалаган жеринде көмүскө бизнесин жүгүртүп, байбачадай жашап жатканын жакындан билгендер айтышууда. Соңку төрт жылдан бери мамлекеттин эсебинен байыгандар кармалып, атайын кызмат “кустуруп” келатат. Акимжан Муйбиллаевге кезек качан жетет? Же кыңыр иштерин көмүскөдөн бүтүргөнбү? Баам сала туралы...
"Азия Ньюс" гезити