Акыркы кабарлар
» Саясат » Россиядан кеминде 150 журналист чыгып кетти
Россиядан кеминде 150 журналист чыгып кетти
07-март, 17:40


Украинага куралдуу кол салуу башталгандан бери Россиядан бери дегенде 150 журналист чыгып кетти. Бул тууралуу “Агентство” басылмасы билдирди.
Маалыматка караганда, алар негизинен өлкөдө иш жүзүндө аскердик цензура киргизилгенине байланыштуу кетип жатышат.
4-мартта президент Владимир Путин кол койгон мыйзамга ылайык, "куралдуу күчтөрдү колдонуу тууралуу жалган маалымат таратуу" үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралат. Бул Украинага басып кирүүнүн "атайын операция" деген расмий формулировкасынан күмөн санаган, аны "согуш" деп атаган журналист 15 жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн дегенди билдирет.
Өтүп бараткан жумада “Роскомнадзор” “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун орус тилиндеги 9 сайтын блоктогон. Ушундай эле чара "Медуза", “Медиазона”, Би-Би-Си, "Америка добушу", Deutsche Welle сайттарына, Facebook жана Twitter социалдык тармактарына каршы көрүлгөн. “Эхо Москвы” жоюлду, ал эми “Дождь” өз ишин токтотту.










