Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Төлөнбек Абдыров: “Кездемелер өзүбүздөн чыкса, жеңил-өнөр жай жакшы өнүкмөк”

Төлөнбек Абдыров: “Кездемелер өзүбүздөн чыкса, жеңил-өнөр жай жакшы өнүкмөк”

10-январь, 02:13
723 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Текстиль жааты Кыргызстандын экспортко багытталган кирешелүү тармактарынын бири болуп эсептелинет. Буга чейин экспортко чыгууда, өзгөчө чет элдик буюртмачылар менен ири келишимдерди түзүүдө кыйынчылыктар болуп келсе, мындан ары Кыргызстанда тигилген текстиль продукцияларын өнүккөн өлкөлөргө экспорт кылганга  жеңилдиктер түзүлдү. Бирок, бул жеңилдиктер түзүлгөнү менен деле көйгөйлөр жок эмес. Ошол көйгөйлөр тууралуу экономика боюнча экперт Төлөнбек Абдыров менен маек курдук. 

-- Жеңил өнөр жай боюнча жакшы мыйзамдар колдоого алынууда. Бирок атаандаштыкка турууга дагы тоскоолдуктар, көйгөйлөр көптөй...

-- Шарттар жакшы эле түзүлүп жатат. Бизде жеңил өнөр жай ассоциациясынын лоббиси жакшы болууда. Алар өкмөт аркылуу өзүнө жакшы мүмкүнчүлүктөрдү алып жатышат. Бирок, бул жетиштүү эмес. Эң негизгиси, атаандаштыкка турганга эл аралык стандарттардын баарын өткөрүш керек. Баары ошол стандарттарга туура келиши шарт. Андан тышкары, кездемелер өзүбүздө иштетилип чыкса, анда баалар дагы төмөнүрөөк болуп, атаандаштыкка да туруктуулук менен туруп берет элек. Андай мүмкүнчүлүктөр жок болсо, пахта болобу, жүн болобу, жибек болобу, бизде жетиштүү чыкпай калган. Ошондуктан кездемелерди Кытай менен Түркиядан кымбат баа менен алабыз. Балдардын, аял-эркектердин саркеч кийимдерин тигип, атаандаштыкка туруштук бергендей болуп, бирок, сырье тыштан келгендиктен алсыздык сезилүүдө, аксап калуудабыз. Илгери союз убагында пахталар эл аралык стандарт менен чыгып, жүндү болсо “меринос” деген койлордун атайын породасы өстүрүлүп, ошондон алынчу. Асыл тукум ошондой койлор багылчу. Жибектер чыкчу. Демек, кездемелер өзүбүздө чыгып турса, жеңил өнөр жайда даярдалган кийимдердин да баасы төмөн болмок. 

Азыр өкмөт жакшы эле мүмкүнчүлүк түзгөнгө аракет жасап жатат. Ошентсе да атаандаштыкка туруштук берүү оорурак болууда. 

-- Жүн азыр кандай өндүрүлүүдө?

-- Баягы 1990-жылдардагы менчиктештирүү убагынан кийин “меринос” асыл тукум койлору жоголуп кеткен. Азыр анча-мынча эле чарбалар чыгарат. Алар жетишсиз жана кымбат. Пахтаны азыр деле өстүрүп жатабыз. Бирок, түштүктөгү пахтаны кайра иштетүүчү комбинаттар эчак иштебей калган. Өзүбүздөн кездеме чыкпай калды. Мунун баарын туура жолго коюп, өнөр жайды иштетсек, атаандаштыкка каршы туруп, экономикабызга да жакшы салымдар кошулмак. Бүгүн ушундай шарт түзүлбөй турат.

-- Өзбекстандын Анжиян шаарынан арзан баада кийимдер көп келгенин байкайбыз...

-- Алардын сапаты начар, бирок баасы арзан. Эл баасына карап эле ала беришет. Аларда пахта өздөрүнөн чыгат. Кыргыздарга, тажиктерге сата беришет. Анан атаандаш болуп, рынокту алып коюшат. Өзүбүздүн кездемелерди чыгарсак, жеңил өнөр жай жакшы өнүгүп кетет эле. Мисалы, Кытай, Түркияга окшогон чоң мамлекеттер өнөр жайдагы багыттарын өнүктүрүп, анан калганын өркүндөтүп-өстүрүп кетишкен.


Жамиля НУРМАНБЕТОВА 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер