Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чыңгыз Капаров: “Жогорку Кеңеш Ош базарында соода кылгандай деңгээлге түшүп баратат...”

Чыңгыз Капаров: “Жогорку Кеңеш Ош базарында соода кылгандай деңгээлге түшүп баратат...”

27-сентябрь, 22:31
1 335 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Эски саясатчылардын парламентке аттануусуна кандай пикирдесиң?

-- Азыркы 6-чакырылыштын депутаттарын жана эски министр, губернатор болуп кызматтан кызмат алмаштырган аткаминерлердин кайрадан саясатка аралашканына, Жогорку Кеңешке аттануусуна моралдык укуктары жок. Мен буга каршымын жана элди да ушуга үндөгүм келет. 

-- Шайлоо соңун кандай элестетебиз?..

-- Баягыдай элди акчага сатып алгандар ЖКга келсе шайлоонун жыйынтыгы өтө коркунучтуу болот. Бул өтө опурталдуу маселе. Андан сырткары, соттолуп кайра акталып чыгып жаткан “кустурацияга” кабылгандар таптакыр эле шайлоого катышууга мүмкүн эмес. Алар мыйзам чегинде ЖКга барбаш керек. Айрымдары өздөрү баралбай балдарын жиберишет. Буга да эл кайдыгер карабаш керек. 

Эски саясатчалырдын, ууру-кескилердин баарына, бизнесмендердин дагы ЖКга келишине каршымын. Анткени алар жеке кызыкчылыктарын көбүрөөк ойлошот жана айткандан чыга алышпайт. 

Өткөн жылы “ЖКга барбайм” деп баш тарткандар быйыл өкмөткө бир аз иштеп, кайра ЖКга аттанып жатышат. Биздин Жогорку Кеңеш Ош базарында соода кылгандай деңгээлге түшүп баратат. Элдин келечегин, улуттун тагдырын, мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөөнү, экономиканы көтөрүүнү ким ойлойт? Жан кейийт. Ошондктан 30 жыл убада менен тойгузган жемкорлор көчүн эмес, элди ойлогон, “эл үчүн иштейм” деген идиректүү уул-кыздарыбызды тандап алалы!


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер