Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Арслан Койчиевдин «Бакшы менен Чыңгызхан» романы тууралуу пикирлерге жалпы обзор

Арслан Койчиевдин «Бакшы менен Чыңгызхан» романы тууралуу пикирлерге жалпы обзор

05-август, 21:39
625 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Башы өткөн санда)

А.Койчиевдин «Бакшы менен Чыңгызхан (жолдош Бактыгерей Избасаровдун жоголгон дептерлери)» романы тууралуу олуттуу пикир айткан адабиятчыларыбыздын дагы бири – Нурзат Казакова. Ал өзүнүн «Булгаковдук мистика, айтматовдук философия (А.Койчиевдин «Бакшы менен Чыңгызхан» романы боюнча ой толгоолор)» деген аталыштагы макаласында [7] алгач А.Койчиевдин адепки романы «Мисмилдирикке (Беделдеги каргыш)» токтолуп, калемгердин адабият майданына ишенимдүү, ыкчамдык менен кирип келгенин, ошо адеп жазганы менен эле токтоп калбай, ага удаа «Айта бар менин кебимди» романын [3] жазганын, ага куйрук улаш эле минтип «Бакшы менен Чыңгызхан» романын коомчулуктун сынына алып чыкканын канааттануу менен белгилеп өтөт.

Макаланын авторунун пикиринде, «романда советтик Ташкент калаасындагы бактысыз Бактыгерей Избасаровдун кол жазмасынын тегерегиндеги чуулуу окуялар менен тээ илгерки монгол тукумунун Алтын Ордонун ээлиги үчүн кырылган ич ара согушу кош багытта (паралелль) сүрөттөлөт. Эки башка доор, түрдүү тагдыр баяндалса да, эки түрдүү мейкиндикти, тагдыр жазмышы ар башка каармандарды бириктирип турган каарман, бул – Чыңгызхан» [7] делинет.

Калемгер Арслан Койчиев дүйнөлүк адабиятта эң бир актуалдуу, учу-кыйыры көрүнбөгөн андагы мезгил, мейкиндик категориялары тоскоол боло албаган Чыңгызхан темасына атайын кайрылып, Жоочу тукумунун бир бөлүгүнүн кулдукка жыгылган учурун жазуу идеясын ишке ашыруу үчүн Чыңгызхандын арбагын окуялар түрмөгүнө аралаштырганы, биздин оюбузча, эң эле сонун чыгармачылык табылга болгон. Мында ал роман ичинде дагы бир романды жараткан сыяктуу. Н.Казакованын пикиринде, «Бакшы менен Чынгысхан» романы – роман ичиндеги роман, «автору» – Бактыгерей Избасаров» [7]. Адабиятчы өз оюн андан ары төмөндөгүчө өнүктүрөт: «Бактыгерейдин капысынан жолуккан монгол күүчүсүнүн жандүйнөсүн миң толгогон күүсүнөн кийин жаралган романы десек туура болор» [7].

Чыңгызхан өзү негиздеп, урпактарына деп мурас кылып калтырган Монгол империясынын башкы мыйзамдар топтому Йасаны туу туткан Элбасар хан тарабы бабасы Чыңгызды танып, мусулманчылыкты мамлекеттик башкы идеология кылып алган Өзбек хан тарабы менен эрегишке чыгып, оор жеңилүүгө учураганы, улуу кагандын арбагы ошол XIV кылымдын биринчи жарымынан тарта башынан шору арылбаган Бактыгерей Избасаров деген жай адам күн кечирген совет дооруна дейре «жер кыдырып, көрүнчүсүнө көрүнүп, тукумуна аталарын эстетмекчи болгон ойлору ойрон болгону менен, анын эсине салып айткандарын тун уулу Жоочунун түз урпагы, ошол XIV кылымдын экинчи жарымына карата улгайып бараткан Сайчы уул менен азыркы замандагы алыскы урпагы Бактыгерей гана түшүнүп кабыл алып, арбак менен кадимкисиндей сүйлөшүп да жатканы «кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгынын, дүйнөлүк адабияттын таасиринен жаралган адабий туунду» [7] экенин белгилеп өтөт Н.Казакова өзүнүн макаласында.

Адабиятчы Н.Казакова аталган макаласында А.Койчиев өзүнүн «Бакшы менен Чыңгызхан (жолдош Бактыгерей Избасаровдун жоголгон дептерлери)» романын жазууда орустун модернист жазуучусу Михаил Булгаковдун «Мастер жана Маргарита» романынан таасирленгенин баса белгилеп кетет. Дегинкиси, роман ичиндеги роман жазуу идеясы ишке ашырылышы М.Булгаковдо Понтий Пилат окуясын Мастер жазганынан, ал эми А.Койчиевде Бактыгерей Избасаров Чыңгызхан жөнүндө баянын кадимки окуучулук дептерге түшүргөнүнөн көрүнөт. М.Булгаковдо Мастер Иешуанын тагдыр-жазмышын жазуу менен алектенип, анан жазгандарын чыпчыргасын коротпой түгөл өрттөп жиберсе, Бактыгерейдин Чыңгызхан тууралуу жазгандары белгисиз себептерден улам жоголуп кетип, анын айрым бөлүгү КГБнын капитаны Хамид Хайруллаевдин колуна түшүп, ушундан улам романдагы окуя андан ары чиеленип, татаалдашып баштайт.

Н.Казакова айкын белгилеп кеткендей, «Мастер жана Маргаритадагы» Воланд өткөн кылымдын 30-жылдары Москвадагы элдин адеп-ахлактык жактан бузулуусун Варьетеде ашкерелесе, ал эми А.Койчиевдин романга Чыңгызхан советтик бийлик заманындагы элдин ар нерседен саясый ката табууга жедеп көнүп бүткөн бечаралык абалын базардагы соодагерлер аркылуу көргөзүп отурат. Романдын 136-бетинде Чыңгызхандын арбагын бири шайтан десе, бири азезил, дагы бири Кыдыр деп айран-таң калып отурушат. Мында сюжеттик өзөк окуялардын курулушу жагынан да окшошуп дал келүүлөр кездешет. Алып карасак, «М.Булгаковдун «Мастер жана Маргарита» романында Воланд Берлиоздун өлүмүн алдын-ала билип: «Аннушка уже купила подсолнечное масло, и не только купила, но даже и разлила. Так что заседание не состоится» – дейт. Айткандай эле Аннушка төккөн майга Берлиоздун буту тайгаланып, трамвайдын алдына кирип кетип өлөт» [7]. Ал эми Бактыгерей акыры КГБ тарабынан колго түшүрүлүп, жеген таягынын уусунан улам жүрөк оорусу кармап каза болот.

Небак өлгөн Чыңгызхандын арбагынын жарыкчылыктагы тирүү урпактарын намысына келтирүү, аң-сезимине таасир этүү аракетинде элди аралап жүргөнү, албетте, реалдуулуктан алыс, сөздүн толук маанисиндеги мистика. Дүйнөлүк адабиятты мындай коёлу, акыркы жылдары кыргыз кесипкөй адабияты үчүн деле жаңылык эмес. Постмодернизмдин – демейкиден башкача жол, стилдин негизинде көркөм чыгарма жаратуу практикасы айрыкча кыргыз эл жазуучусу Асанбек Стамовдун сүрөткерлик өнөрканасынан байкалды. Анын «Кышында чардаган бакалар» повестинде, ошондой эле «Хан Тейиш» тарыхый романында мистикалык каражаттар: арбак менен баарлашуу, арбактан колдоо көрүү, арбактын өч алуусу, кереметтүү тирилүү, каргышка калуу, каалаган жерине бир паста жетип баруу, алыстагы адам менен катарлаш тургандай баарлашуу, касиеттүү күчтөрдүн алдыдагы кырсыктан сактап калуусу ж.б. А.Койчиевдеги улуу кагандын арбагы түздөн-түз урпактарынын гана көрүнөт, бекем дубал аркылуу буйдалбай өтүп, каалаган жерине көздү ачып-жумганча жетип барат. Керек учурда: «Жолуңдан майлыгын булгалаган чайканачы чыгат. Ошонун бир чөөгүн чайына азгырылбай эле кой. Анттиң дегиче чын балээге кабыласың» – деп өзүнүн түз урпагы Бактыгерейди алдыда күтүп турган кырсыктан алакчылап кала да алат. Адабиятчынын жеке пикиринде, «адабий таасир ушунчалык мойну ичке процесс, жазуучунун абайлаганы шарт» [7].

Н.Казакованын айтымында, «экинчи адабий таасир Кремлден келген башчы Николай Аблеуховго байланыштуу байкалат» [7]. Бул жолу жазуучу А.Белыйдын романынан таасирленген. Мында Чыңгызхандын арбагы дини буруулар Жоочу уругунун экинчи бир бутагы Тогрул тукумунан Аблай мырза баштаган урпактарын суу толтурулган тай казанга башын улам кайталап чумкутуп, зордоп чокундуруп жатканын көрүп зээни кейийт.

Адабиятчы таасын белгилеп кеткендей, капитан Хамид Хайруллаевдин акыры колго түшүрүлгөн Бактыгерейдин узакка созулчу суракка жетпей эле өлүп калганындагы: «Сволочтун күтпөстөн өлүп калганын карасаң?!» деген өкүнүчү эрксизден Ч.Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романына кошумча «Чыңгызхандын ак булуту» повестиндеги мугалим Абуталип Куттыбаевдин келаткан поезддин алдына боюн таштап өлгөнүндөгү тергөөчү Тансыкбаевдин: «Салпайган гана ит, сволоч, кутулуп кеткенин карачы! Бүт ишти бүлдүрдү да, сволоч, бүт баарын жайлады да! Я?! Баарыбызды сойду!» [1. 511] деп өкүнүп жинденгенин эске салат. Байкалып тургандай, «Бакшы менен Чынгысхан» романындагы КГБ кызматкери, капитан Хамид Хайруллаев кандай болсо, так эле ошондой «Чыңгызхандын ак булуту» повестиндеги тергөөчү Тансыкбаев үчүн да адамдын өлүмү ит өлгөнчөлүк да болбойт.

Н.Казакованын аңдап-туюнганында, Сайчы уул – өзгөчө кейипкер, «Өзбек хан менен Элбасар хандын кандуу кармашын өз көзү менен көрүп, Элбасар хандын өлүмүнөн кийин Өзбек ханга каршы сүйлөп тилинен айрылган Өгөдөйдүн күүсүнүн таржымакалын түшүнгөн каарман» [7]. Ушунда Жоочу урпагы Токтомуш аттуу өспүрүм бала тууралуу эскерилет. Адабиятчынын баа берүүсүндө Токтомуш келечегинен үмүт байлаттырган каарман. Тирикарак, жүүнү тирүү көрүнгөн бала кийин Алтын Ордонун өкүмдары Токтомуш хан болуп чыгарын Жоочунун татыктуу урпагы Сайчы уул сезип туюнган сыяктуу.

Н.Казакова макаласынын акырына чыгып жатып, пикирин Арслан Койчиевдин «Бакшы менен Чыңгызхан» романы эгемендүүлүктөн кийинки бараандуу бир роман болуп калганын айтып жыйынтыктайт.

Эмки карала турган материал – Гульнар Эмиль аттуу чыгармачыл инсандын орус тилинде жазылган «О романе «Шаман и Чингизхан» Арслана Койчиева» деген аталыштагы макаласы.

Гульнар Эмиль чү дегенде эле өзүнүн макаласын А.Койчиевдин «Бакшы менен Чыңгызхан (жолдош Бактыгерей Избасаровдун жоголгон дептерлери)» романынан жазылышына орус жазуучусу М.Булгаковдун «Мастер жана Маргарита» романынын тийгизген таасири тууралуу аңгемелөөдөн баштайт. Убагында, тээ өткөн кылымдын 20-жылдары «Мастер жана Маргаритага» окшогон чыгарманын жарык көрүшү Улуу Октябрь социалисттик революциясы жеңип, коммунисттик атеисттик идеология күч алып турган жылдар үчүн бөтөнчө кооптуу көрүнүш эле. Бул Жараткан Кудайдын бар экени аныктыгын, сырдуу көрүнүштөрдүн – мистиканын жашообузда орун алыш мыйзамченемдүүлүгүн бекемдегендик сыяктуу болучу. Ошон үчүн ал басмадан басылып чыкканы жашыруун, колдон колго өтүп, ал гана эмес колго көчүрүлүп окулчу дешет.

Макаланын автору А.Койчиевдин романы «Мастер жана Маргаританын» таасири астында жазылганын, кандай болгондо да таасири чоң экенин баса белгилөө менен, аны «роман-ностальгия (кусалык)» деп атайт. «Ностальгия спрятанная глубоко в наших ДНК. Содержание книги вызывает в нашей генетической программе некоторые вопросы…» [5]

Макаланын автору жашынан орус тилдүү болуп калыптанса керек, мүмкүн ошол себептенби, төмөндөгүдөй деп жазат: «С юности боялась, что навсегда потерян объемный кыргызский говор дедов и бабушек. В этом романе моя генетическая память получила наслаждение от этого не испорченного литературным – кыргызского языка. Арслан мастерски окунает читателя в эпохи, в обстоятельства, в личности. Роман однозначно не о Чыңгызхане, образ которого описан очень плоско и повторяется, этот призрак тоже обмельчал и ослаб. Это предупреждение о том, что после смерти даже Чингизхана люди могут «закидать помидорами». Последний сюжет об этом – совершайте поступки пока живы...» [5] Ушунда адабиятчы ачык, так белгилеп көрсөткөндөй, жазуучу окурманды заман-доордун тереңине, кырдаалдарга жана жеке инсандар дүйнөсүнө жетелеп кирет. Макалада белгиленгендей, роман Чыңгызхан тууралуу эмес, анын инсандык бейнеси өтө эле үстүрт тартылып берилген жана ошол боюнча улам кайталанып жүрүп отурат, бул элес катарында көрүнчү арбак майдаланып, андан да ал-күчтөн ажыратылган сыяктуу. Бул өлгөндөн кийин жадесе Чыңгызханды да «помидор менен балжайта ургулай» алышары тууралуу эскертүү. Мындагы башкы идея – азырынча тирүү турганыңда – иштериңди бүтүрүп калууга үлгүргүн.

Адабиятчынын пикиринде: «Это – роман души, эмоций, роман человеческого в человеке, нескончаемо безбрежной жизни его души, глубины души, глубины его мозга, в котором живёт не меркантильный интерес, а более ценное, порой неуловимое, чему посвящают жизнь не только отдельные личности, но и целые поколения людей, целые эпохи канут в лету, не достигая высот души, в то же время умея строить небоскрёбы. Душу постичь и достичь – сложнее. Оттого и все не так просто…» [5]

Байкалгандай, макаланын авторун А.Койчиевдин бул романы өзүнүн оригиналдуулугу, ажайып кооздугу, таланттуу, чебер иштелгени менен арбап алган. Анын чыгармага берген жогорудагы баасына толук кошулууга болот. Эмоционалдуу, ички бүткүл жандүйнөсүн берип айтылганы дароо эле көзгө урунат. Чынында эле чыгарма мыкты жазылган. Аны эч тайсалдабай, тартынбай туруп, эгемендүүлүктөн кийинки кесипкөй адабиятыбыздын эң бир мыкты иштелген үлгүлөрүнүн катарына коюуга толук болчудай. Таасирдүүлүк, тарбиялык мааниси да зор, жогорку деңгээлде. Ооба, Гульнар Эмиль өзүнүн бул макаласын бекеринен төмөндөгүдөй сөздөр менен жыйынтыктап жатпаса керек:

«Этот роман надо читать внимательно, перечитывать, спорить и соглашаться, находить новые ракурсы и раскрывать новые слои. И тогда, может быть, останется ещё что-то неизведанное для будущих лет, для будущей жизни, для будущих людей. Не все имена, герои, мысли и слова надо воспринимать буквально. Поверхностно посмотришь, увидишь только поверхность. Роман написан намёками, загадками, иногда грубым просторечьем, чаще – архаизмами, читается не легко, не на одном дыхании, так как это не бег на короткие дистанции…» [5]

Кыскасы, роман-баяндоону сен окубай эле ички дили таза, бай, жасалма эмес, бөтөнчө жандуу, гендик деңгээлде сенин тереңдеги жүрөк кылдарын күү чалып ойногон тилдин өзү сага окуп берип жаткандай болуп, андан да өзүңдү өзүң таанууга көмөктөшүп жаткан сыяктуу, а балким, сенин оюңду биротоло чаташтыргандай кабылданат.

Демек, роман адабияттын баардык канондоруна ылайык курулбаган, жадесе сүйлөм түзүлүштөрү да кандайдыр «туура эмес» тизмектелинген. Чынында эле бул роман жылмаланып, ажайып жасалгалык кейпине жеткирилбеген алмаз, жаңы эле омкоруп алынган тоо кени сыяктуу, аны майдалап, акыл жана ички жандүйнө элегиңен өткөрүп, өзүң үчүн иштеп чыгууң керек. Андагы баалуулуктарды ар бир окурман романды өзүнүн ой элегинен өткөрө алуу жана интеллектуалдык  мүмкүнчүлүгүнө жараша табат.

Коомдук ишмер Алмаз Кулматовдун Арслан Койчиевдин «Бакшы менен Чыңгызхан (жолдош Бактыгерей Избасаровдун жоголгон дептерлери)» романына карата жазган макаласы «Тукумун жоготкон Чыңгызхан» деп аталат [9]. Макала bagyt.kg сайтынын редакторунун анонс-баш сөзү менен ачылып, мында А.Койчиевдин «Бакшы менен Чыңгызхан» романы Токтогул сыйлыгына сунушталганы айтылып, ага татыктуу экени, керек болсо андан да чоңду берсе жарашары тууралуу кеп козголот. Ушунда Нобель сыйлыгына Уинстон Черчилль Черчилль болгондугу, Британиянын баш министри үчүн эмес, «Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхы» деген фундаментал эмгеги, оратордук таланты үчүн, Эрнест Хемингуэй «Чал жана деңиз» чыгармасы үчүн арзыганы тууралуу эскерилип, а балким, «жыгылсаң нардан жыгыл, буйласынан кармай жыгыл» дегендей, бул жерде биротоло Нобель сыйлыгына сунуштасак кандай болот (?) деген кыйытылгансыйт. Мүмкүн, татыктуу эледир, аны коё туруп, назарыбызды макаланын өзүнө буралы.

Албетте, макаланын автору окумуштуу-адабиятчы же сынчы болбогон соң, демейки окурман катары пикирин, алган таасирлери тууралуу айтып калууга аракеттенген. Адеп айылдаш классташынын китепти окугандагы алган таасири тууралуу төмөндөгүчө аңгемелейт: «Таң гөрү-ү, кино тартса же ыр кылып төксө жарашчудай, үн чыгарып келиштире окуса кулактын кычуусу кангыдай керемет экен. Кара сөз болуп туруп ыр экен. Теледен окуйт элем, үнүм келишпейт, келиштирем десем да мени ким окутат, кайсы телевидениеси мени шоңшойтуп чыгармак эле, элеттик энөө эмне кылып жүрөт дебейби...» [9]

Макалада романды жазууда автор ХVI кылымдын биринчи чейрегинде, тактап айтсак, 1512–1525-жылдары хан ордосунда кызмат өтөгөн аалым Өтөмүш ажы ибн Маулан Мухаммед Дости жазып кеткен «Чынгыс-нааме» кол жазмасынын материалдарын пайдаланышы ыктымалдыгы тууралуу айтылат. Кол жазмада камтылган окуялар «Бакшы менен Чыңгызхан» романында хан Жоочунун түздөн-түз урпактарынын өлтүрүлгөнүнөн калганын кул катары тутуп, аёосуз эзген Теңиз-Буканын башы алынчудагы эпизоддо кырк жылдан бери ичте катылуу жүргөн сезим ата-арбак аркылуу идеяга айланып, ишке ашканы ар тараптуу кенен, жеткиликтүү берилген. Айтымында Өтөмүш ажынын бул кол жазмасын атактуу окумуштуу Вениамин Петрович Юдин 1967-жылы Ташкендеги Чыгыш таануу институтунда иштеп жүргөн кезинде үңүлө окуп чыгып, «Чынгыз-наамеде» көркөм чыгармаларга тема болгудай окуялар бар. Кезегинде жазуучулардын керемет чыгармаларына негиз болоор» деп жазып калтырган имиш. Ошол мындан жарым кылым мурдагы окумуштуу В.П.Юдиндин кыял-тилегин таланттуу калемгер Арслан Койчиев жүзөгө ашырып отурат.

Макаланын авторунун айтымында «Чыңгызхандын тун уулу хан Жучинин токолдорунан туулган 17 баласынан тараган урпактарын өзүн хан атап алган Өзбек кырып, аман калганын кол алдындагы кыйат уруусунан чыккан Исатай бекке жыгып берет. Анын небереси Теңиз-Бука бек ошол Жучи журтун кырк жыл бою мазактап, көрбөгөн кордукту көрсөтүп, айрымдарын биротоло маңкурт кылып, соо калганын чогултуп, өзүнүн чоң атасы Кыйат Исатай Жир-Кутлуга Сыр-Дарыянын боюна күмбөз салдыртууга чектейт. Ал күмбөз азыр да Кыйат Жир-Кутлу мавзолейи деген ат менен белгилүү. Өзбек хандын тукуму Бердибек өлгөндө кулдукка жыгылган Жоочу тукумунун ичинен бирөөсүн – Кара-Ногойду хан шайлап, калганын ошо шайланган хандын буйругу менен мүлдө тукум курут кылып, анын атынан өлкөнү жеке өзү башкармакчы болот. Бирок Сайчы-уул деген эстүү чыкмасы (Бүкүр Кожо Акмат деген ат менен да тарыхта белгилүү – В.П.Юдин) Теңиз-Буканын бул оюн билип калып, анын өзүн тындым кылып, Жучинин кор болгон тукуму эсине келип, кегин алып, кайра бийликке жетет» [9].

Макаланын автору таамай, так, даана белгилеп кеткендей, андагы «Өгөдөй деген каарман кол башкарган колбашчылыгы тургай, баарынан ажырап, тили кесилсе да күү тартып, өткөн тарыхты, болмушту айтып, боло турган нерсени болжоп айтып, кыла турган ишти күү менен билдирет» [9]. Ушунда автор эки нерсени абдан бышыктаганы көрүнүп турат. Биринчиси – бул күүнүн мааниси, анын сыры жана сырын түшүнө билүү феномени. Экинчиси – келгин монголдун хүүрдө черткен күүсүн ошондой бара калган Бактыгерей Избасаров илгирттей түшүнгөнү. Ошол уккан күү түрткү болуп, анын көзүнө Чыңгызхандын арбагынын көрүнүп баштоосу, узак убакыт баарлашуулары, адепки эки дептердин жазылышы менен окуя татаалдашып баштайт. А.Кулматовдун айтымында «Арслан Койчиевдин романында дагы бир көркөм ыкма жакшы колдонулган. Сюжеттик линия үзүлбөй уланып, куюлушуп, күү сымал үндөшүп кете берет. ...Сюжеттик линия психологиялык-эмоционалдык жүрүшүнөн жазбай улам которулуп, окурман ой ыргагынан тайбай, тээ орто кылымдарда айгайлаган кармашта жүрүп, бир заматта бир кездеги жоокерлердин урпактары эми минтип соодагерге айланып, аларман талашкан Ташкен базарына оңой эле кирип келет» [9].

Коомдук ишмер А.Кулматов макаласын жыйынтыктап жатып, А.Койчиевдин бул «Бакшы менен Чыңгызхан» тарыхый романы кыргыз адабий мейкиндигине өктөм аралашып, окурмандарга интеллектуалдык азык берген мыкты чыгарма катары жашоосу узак болоруна терең ишеничте экенин атайын баса белгилеп кетет.

Саясый илимдердин доктору, профессор Жолборс Жоробековдун А.Койчиевдин бул «Бакшы менен Чыңгызхан» тарыхый романы тууралуу жазганы өзүнчө кызык. Ал өзүнүн 2023-жылы интернет тармагында жарык көргөн «Арслан Койчиевдин көп катмарлуу «Бакшы менен Чыңгызхан» романы тууралуу учкай сөз» аттуу макаласында [6] киришүү катары алгач бүгүнкү күндүн окурманынын мурунку совет доорундагы окурмандан айырмачылыгы, учурда көлөмдүү чыгармалар анчалык бааланбай, көбүнчөсү чакан аңгеме, повесть актуалдуу болуп турганы жайында кеп салат. Мунун өзүнчө себеби бар, анткени маалыматтын электрондук каражаттары бөтөнчө өнүккөн азыркы заманда окурмандын бир чыгарманы бир канча күндөп окуганга чыдамы жетпейт. Андан көрө жарым же бир саатта, же үч-төрт саат ичинде окулуп бүтчү китепти окуганы кызык эмеспи. Ал эми А.Койчиевдин А.Койчиевдин бул «Бакшы менен Чыңгызхан» романы жогорудагы эреже калыптагыга сыйбайт, кыйла эле көлөмдүү, баардыгы – 484 бет. Анткен менен ошо бир топ көлөмдүү экенине карабай, аны окуйт элем деген адамдардын саны күн санап артылып келет.

Мыйзамченемдүүлүкпү же ырасында эле ошондойбу, айтор Ж.Жоробеков А.Койчиевдин бул романы тууралуу пикир айтууда М.Булгаковдун «Мастер жана Маргаритасын», Г.Г.Маркестин «Жалгыздыктын жүз жылын», Ч.Айтматовдун «Кылым карытар бир күнүн», ошондой эле С.Раевдин «Жанжазасын» эскере кетүүдөн кыя өтпөйт, «кандайдыр жакындык бар» экенин белгилей кетет. Анан оюн андан ары төмөндөгүчө өнүктүрөт: «Бул деген алардан бирдекени кымтып алды дегендик эмес, тескерисинче, автор ушул биз атаган авторлор эле эмес дүйнөлүк адабияттын дөөшаалары менен да жакшы тааныш экендиги, алар колдонгон методиканы өзүнө тийешелүү спецификасы менен өтө чеберчиликте, өтө кылдаттык менен пайдалана алгандыгында турат. Башкача айтканда, жазуучунун философиялык ой жүгүртүүсү, ойлоо менен акыл чабытынын чексиздиги, кенендиги, сүрөткерлик милдетти терең түшүнгөнү жана аны окуучуларына аз-аздан жеткирип отурушу» [6].

Ж.Жоробеков өзүнүн бул макаласында чыгарманын өзүнө анчалык деле тереңдеп кирбегени байкалат. Болгону авторго ишеним артып, мындан ары да чыгармачылык ийгиликтерди жарата беришине тилектештигин билдирген.

Республикалык «Кыргыз Туусу» гезитинин белдүү журналисттеринин бири Болотбек Таштаналиевдин «Бакшы менен Чыңгызхан»: мистика менен реализмдин жуурулушунан жаралган…» аттуу макаласы 2024-жылы жазылган. Макаланын автору алгач мистикалык реализм деген эмне экени, анын баштоочулары кимдер болгону маалымат берип, анын көрүнүктүү өкүлдөрү катары Алехо Карпентьер, Хорхе Луис Борхес, Габриэль Гарсия Маркес, Хулио Кортасар, Мигель Анхель Астуриастын аты-жөндөрүн атай кетет. Б.Таштаналиевдин айтымында, «А.Койчиев мистикалык реализмдин элементтерин тандап алууда жаңылган эмес жана ал муну менен өзүнүн кара сөз чебери катары жетилип, бышып калганын, текст менен да, образдар менен да кылдат иштешип, мифтик реализмге мүнөздүү купуялуулук жана табышмактуулук менен чыныгы реалисттик турмушту табигый айкалыштырып, жуурулуштура ала турганын тастыктай алган» [10].

Макаланын автору, анан өзүбүз да байкаганыбыздай, «Бакшы менен Чыңгызхан» романында тең катар өнүккөн эки башка сюжеттик сызык орун алган. Биринчиси – Чыңгызхандын тун уулу Жоочунун урпактарынын бирин бири тукум курут кыла кырган тарыхый окуяларга негизделген мистикалык сюжет, экинчиси – советтик идеологиянын ирип-чирип, кулай турган убагы жакындап калганын чагылдырган реалдуу сюжет. Б.Таштаналиев таамай белгилегендей, «мына ушул болмуш менен чындык жуурулушуп, жанаша жарышкан кош сюжет логикалык жактан ырааттуу, так жана тыкан куралган да, чыгарманын идеялык-тематикалык өзөгүнө жаңы түс, жаңы өң берген» [10]. Чынында да романдын биз үчүн жаңылыгы, табылгасы, ийгилиги да так мына ушунда катылып жатат.

Б.Таштаналиевдин айтымында, чыгарманын «мистикалык сюжетине тең салмак кылынып, жер бетинде болгону 70 жыл жашаган, кезегинде учу-кыйры көз жеткис мейкиндикти ээлеп жаткан эсил кайран СССРдин эси жок идеологиясы таразага коюлганы да автордун табылгасы экени талашсыз» [10] – делинет. Бул ойго толугу менен кошулууга болот. Себеби, коммунисттик коомду куруу реалдуулуктан тышкары утопиялуу болуп чыгып, ичтен иригени үчүн, кыйрап калып жатат да! Албетте, идеалдуу коомдун болушу кыйын маселе, ошондой идеалдуу куруучунун болушу да турмуш чындыгынан алыс. Ушунда социалдык, экономикалык багыттарды туура уюштуруп, социализм менен капитализмдин жакшы жактарын колдонууга алуу негизинде иш алып барылышы керек болучу. Ырас, социалисттик коомду куруунун натыйжалуу жыйынтыгына жетише албаган соң, эми баардык үмүт адамдык жүзү менен капитализм түзүлүшүнө байланды да калды.

Б.Таштаналиев макаласын жыйынтыктап жатып: «Арслан Койчиевди түшүнүү үчүн тарыхты билбей, мистикалык реализм тууралуу маалыматы болбой жазуучуну кабыл алышы кыйын» деген ойго келип токтойт.

(Колдонулган адабияттар тизмеси кыскартылды) 


Болот Оторбаев, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун профессору 

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер