Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мелис Үзенбаев: “9 окуучубуз “Алтын тамга” артыкчылык аттестатын алышты”

Мелис Үзенбаев: “9 окуучубуз “Алтын тамга” артыкчылык аттестатын алышты”

03-июль, 15:06
936 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Ноокат билимканасы” жатак лицейинин директору менен маек.

-- Мелис мырза, бир жолу билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев “Ноокат билимканасы” жатак лицейи окуунун алдыңкыларынын, медалисттеринин жана ЖОЖдордун бюджеттик бөлүмдөрүнө тапшыруунун саны боюнча борбордогу эң мыкты мектептер менен теңтайлаша алат” деп айтты эле. Сиздин оюңузча, мындай ийгиликтин сыры эмнеде?

-- 2022-2023-окуу жылында “Ноокат билимканасы” жатак лицейинен 9 “Алтын тамга” артыкчылык аттестатынын ээси чыкты. Ош облусу боюнча 20 окуучу болсо, ошонун тогузу биздин мектептен чыгып отурат. Ноокат районунан тогуз окуучу чыкса, ошонун баары биздин мектептин окуучулары. Ал эми республика боюнча пайыз менен эсептегенде беш пайыздан ашыгыраагы бизден болду. Негизги предметтер – бул математика, кыргыз тили, химия жана тарых сабактары. Андан тышкары, математика, биология, информатика, кыргыз, англис тили боюнча республикалык олимпиадага 6 окуучубуз барып келишти. Эл аралык олимпиадаларга да катышып жүрөбүз. Казакстандын олимпиадасына (Орто Азиядагы эң абройлуу олимпиадалардын бири, 22 өлкө катышат) 14 окуучубуз эки команда болуп катышты. Жылда Иран олимпиадасына да катышабыз. 10-класстын окуучусу Аятула Туратбаев кыргыз-швед олимпиадасында 4-орунду алды. “Ойгонуу” деген долбоорубуз бар. Аны Бишкекте, Германияда, Түркияда, Бириккен Араб Эмираттарында окуган балдар көзөмөлдөшөт. Анын эң чоң жетишкендиктеринин бири – 10-класстын окуучусу Элдияр Абжалалов сайт түзүп, аны умрага алып баруучу компания сатып алып, атасына умрага акысыз барып келүүгө путевка белек калды. 

“Ноокат билимканасы” жатак лицейин физика-математика илиминин кандидаты, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңерген мугалими Өмүрзак Мамаюсупов демилгечи болуп, ушул айылдык мугалимдердин, элдин колдоосу менен уюштурган (“Ойгон” долбоору да Өмүрзак агайдын сунушу). Билимкананы түптөгөн мугалимдердин дээрлик 70-80 пайызы дале иштеп жатышат. Биздин ийгиликтин бир сыры да ошол мугалимдердин күчтүүлүгүндө го деп ойлойм. 

-- Учурунда билимкана жөнөкөй мектептин базасында уюштурулду эле. Андан бери анын материалдык базасы кантип чыңдалып жатат?

-- Окуу имараты дээрлик ошол бойдон, эч кандай өзгөрүү деле болгон жок. Ата-энелердин жардамынын, мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражаттын эсебинен ремонттолуп келатат. Ал эми жатакана болсо жаш ишкерлер ассоциациясынын ишкерлери, кара-таштык бизнесмендердин колдоосу менен үч кабаттуу болуп курулган. Жаш ишкерлер жатакананы куруп эле таштап койбостон, ичиндеги шарттарын түзүүгө да жардам көрсөтүшүүдө. Азыркы учурда окуу корпусунун кошумча имаратын курууга аракет кылып жатабыз. Министрибиз Каныбек Капашевич келип, “ар тараптуу жардам бергенге даярбыз” деди. Буюрса, долбоору даяр болсо тийешелүү жерлерге кайрыла баштайбыз. 

-- Ошондо жатаканада канча окуучу жашайт?

-- Бизде жалпы 256 окуучу болсо, анын 120сы жатып окуйт. Билимканада Ноокат районунан гана эмес, Кара-Балта, Ош, Кызыл-Кыя, Таш-Көмүр шаарларынан, Чоң-Алай, Кара-Кулжа, Араван райондорунан да келген окуучулар бар. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер