Уттурдум. Жашоо кумар оюну сыңарындай алдамчы беле?..
(Новелла)
Студенттик күндөр. Агезде сенин алдыңда тартынчаак, айбыккан бир баламын. Эмне үчүн? Сени жактырам да. Мокоп калчумун. Бирок, баарын билчүсүң. Бир күнү ички сезимимди айтып, сага жигит болууну сунуштадым. “Мен макул эмесмин” деп кылыктандың. Башка күрөк менен чапкандай эле шалдырай түштүм...
Ошентип, күндөр өтө берди, айлар жылдарга алмашты. Турмуштун оро-парасында университетти да бүтүп кеттик. Ичте калган кемсинүү, сүйүүнүн өспөй калган гүлү жүрөктө өнүп жүрдү. Сени эч качан унута албадым. Кээде түшкө киресиң, баягы жатаканага келген жаркылдаган жүзүң, тамашага сала “чымчый” сүйлөгөнүң, баары тасма сымалындай көрүнөт да, ойгонуп кетсең эскирген бир элес... Жер муштай отуруп каласың. Ырайымсыз мындай түндөр канча өттү? Эстеген сайын ич эзилип, ойлордун жемесине жетеленесиң...
Жыйырма жыл өтүп кетиптир. Тагдырдын тамашасын кара! Сага капилеттен кезиктим. Мен этибар албадым. Атымды атадың (а мен баягы да). Үнүң кулактан барып жүрөккө сайылгандай көзөп кетти. Каптал жагымды “жалт” карай берип, көздөрдүн чагылышканына ишене албай, саамга дендароо боло түшүп, учурашканга араң жарадым. Көөдөнгө сүйүнүч чуркаганы менен ортодогу жылдардын тосмосу муз сымал эрибей, бөгөт болуп, баштагыдай ачыла албай, ооз учунан жасалма сүйлөштүк. Кандайдыр бир дубал орнотулгандай, кызык, ортобуз ачык болсо да батына албадык. Баарлаштык. Жасалма сымалындай. Кайдадыр экөөбүз тең шашып аткандайбыз. Жалган картина тартылып. Ыңгайсыздык. Сагынышкан көздөр суктанышты. Кетип баратканда далым ачыша түшкөндөй жыйрылды. Артка карасам, тигилип турупсуң. Жүрөгүм өйүп кетти. Эрксизден кадамдарым шилтенип. Сени жоготуп, кайра тапканыма сүйүндүм. Кудум баладай кудуңдадым. Дүйнөңдү ойлоп бараттым. Мен үчүн эми чоң ачылыш болобу? Балким, кечигип калгандырмын...
Сары жалбырактарды шуудурата тебелей баратам. Өчүм бардай. Жо-ок, “селт” эттирген ой козгойт. Биз тек гана жыйырма жылды уттурдук. Жашоо кумар оюну сыңарындай алдамчы беле? Буюрса, алдыда дагы өмүр бар да. Каниеттик ай! Бирок, мен бүгүн уттум окшойт...
Асланбек Сартбаев
"Азия Ньюс" гезити