Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Таалайбек Сарыбашев бийликтин рейтингин түшүрүүгө жарап берет

Таалайбек Сарыбашев бийликтин рейтингин түшүрүүгө жарап берет

06-август, 21:58
2 053 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жер тепкилейсиң эй! Таалайбек Сарыбашев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарууда. Бийликтин үлкөн катасы! Эскертип коёлу. Бул эргул Ош шаарына мэр болуп, көзгө көрүнгөн иш кылбаптыр. Баягы эле эт менен челдин ортосунда жүргөн неме. Жогору жактагыларга “ляппай!” деп кызмат кылган бир байкуш. Дарамети коммерсант, билими тайкы, диплому жасалма экени айтылып, шек жараткан. Тажрыйбасы жетишсиз. Айдатма. Эми ушул кадр Бишкектин жүгүн кантип көтөрөт? Буга чейин Бакыт Кудайбергенов ар тарабынан борбор шаарыбызды артка тартса, натыйжада, Таалайбек Сарыбашев сазга тыгары ачык байкалууда. “Аңгектен качсаң дөңгөккө” деген лакап бап келишет. Аныгында, жаңы мэрди коомчулук кабыл албайт, биз эскерткендей, ал татыксыз кадр! Оштон өзүн көрсөтө албаган Бишкекти көтөрөбү? Бир чети күлкүң да келет. Албетте, бул кадрдык жүрүш бийликтин саясый рейтингин бир жагынан түшүрүүгө жарап берет. Башка эч нерсени божомолдой албайбыз. 

Айтмакчы, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Кубанычбек Конгантиев менен мэр Таалайбек Сарыбашев экөө тең түштүктөн эмеспи, кантебиз ыя?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер