Депутат Акылбек Түмөнбаев “Ала-Тоо” ресторанына дүңгүрөтө той берип, кызын узатты

Парламентте депутаттар элге күйгөндөй көрүнүшүп, тим эле мекенчилдей сүйлөшөт. Ал эми реалдуу турмуштачы? Мисалы, баткендиктердин көз жашы кургай электе, аз күн мурда депутат Акылбек Түмөнбаев “Ала-Тоо” ресторанынан кыз узатуу өткөздү. Кошоматчылар котолоп келишип, тойдун көркүн ачып кетишкени айтылды. Эл өкүлдөрүнөн сырткары министрлер, генералдар, полковниктер, айтор, баардык тармактын үлкөндөрү катышты. Катуу чер жазыша отурушуп, ачкыл суудан аянбай ичип тарашканычы? Бир келген жашоодо аянышмак беле?.. Эмесе, таңгалычтуу нерсеге көңүлүңөрдү буралы. Садыр Жапаров президент боло электе Акылбек Түмөнбаев ким эле? Көптүн бири катары жүрчү. Эч ким деле таанычу эмес. Качан гана Октябрь төңкөрүшү орун алып, бийлик алмашкандан кийин башкы куданын таскагы угулуп, байып, депутаттык креслону мингенге да жетишти. Баракелде! “Күндүк өмүрүң болсо, түштүгүңө жорго мин” деген ушу тура.
"Азия Ньюс" гезити