Жанар Акаевдин жасаган жумушунан да жеңил пиары ашып кетти


Өкмөт курамында жакшы иштеп жаткан айрым министрлер, губернаторлор бар. Алар ашыкча сөздү көбөйтпөй эле иштермандыктарын көрсөтүшүүдө. Ал эми Жанар Акаев Ош шаарына мэр болгон күндөн тарта баскан турганын, чай ичкенин, каякты кыдырбасын, баарын видео, сүрөткө тарттырып, катуу пиар менен келатат. Соңку убакта кичинекей бакча, тротуар бүтүрсө да ролик жасатып, анысын дагы соцтармактарга жарыялоодо. Айтор, жасаган жумушунан да мактанганы ашып кетти. Кимдин кандай иштеп атканына эл баа берет. Жасалма түрдө буркан-шаркан түшүрүп, жеңил пиарга азгырылып алуу жакшы эмес. Аягы аянычтуу бүтчү эле... Жанар Акаев эмгегине жараша маяна алууда, президенттен да кошумча айлык аларын өзү айткан. Анан эми ар бир кыймыл аракетин колко кылгандай жанталаша баштаганы эмнеси? Алыс узабай каларда адам жаза басчу беле? Аз калды окшойт...











