Жаш лидер Мирбек Мияровдун дүбүртү чыгууда
“Ордо” партиясынын лидери Мирбек Мияров жаш болсо да саясаттан орундуу кеп салып, келечекке карай өзүнүн ой-пикирлери менен бөлүшүп, кыргыз элине чындап күйө турганын көрсөтүүдө. Эң башкысы, карапайым калк ичинен таза, билимдүү азаматтын баш көтөргөнү көңүл кубантат. Мындай шартта Мирбек Мияров жаштардан команда топтоп, эл аралап, негизги көйгөйлөрдү көтөрүүгө бел байлады. Азырынча маанилүү долбоорлордун үстүнөн иштеп атканы, эртеңки күндө жемишин бере турганы маалым. Эске салсак, буга чейинки карт саясатчылардан көпчүлүк тажаганы, келечекке үмүтсүз карап калганы кабатырлантып келген. А иш жүзүндө өсүп келаткан лидердин кадам таштаганы, ар кыл көрүнүштөргө үн кошо баштаганы жакшы саамалык. “Акыл жаштан, асыл таштан” дейт. Мындан ары Мирбек Мияровдун өзгөчө көз караштарын коомчулукка тааныштырып турмакчыбыз.
"Азия Ньюс" гезити