"Кара дуба ичине түшүп кеткен" дешти. Өлүмдү күтүү менен жашап калдык...

Арманга толгон отуз жыл, же ойношко кор болгон өмүрдүн кечи...
Бүгүн баш кошконубузга отуз жыл болду. Башкалар жакшы ресторанга барып, мындай күндү эсте каларлык белгилешет. Мен өткөн жашоомду, жылдарымды көз алдыман сыдырып, ыйлап отурам. Эки жыл гана бактылуу жашап, калган жашоомду азап менен өткөрүп келатам. Күйөөмдүн көңүлдөшү бар экенин билип, көзүмдү жумуп, балдарымдын бактысын ойлоп жашадым. Кыздарымдын көз жаштарын көргүм келбей чыдадым. Оорукчан аял атыктым. Баарын ичиме жутуп жүрүп кечирдим. Эми баары кеч...
Азыр да ошол ойношунун жанында. Жаштыгымдын баары ый, ур-токмок менен өттү. Кайын журтум да “кой, ай” деп мени колдободу. Арманга толгон отуз жыл... “Кайран жаштыгым, өмүрүм” деп бармагымды кырча тиштеп отурам. Алыстарга учуп кетип, бейкапар, тынч жашагым келди. Мени аяган, соороткон адам деле болбоду. Эми канча жашарыбызды ким билсин? Ичим күйүп өрттөнүп жатам. Бул да мага берилген сынообу, же ушундай тагдырга татыктуумунбу?
Жаркынай
"Азия Ньюс" гезити